Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго айыбын угузуп, Кыргызстандан сыртка чыкпоого милдеттендирди.

 

Башкы прокуратура 17-февралда Шыкмаматовго жана Эсептөө палатасынын жооптуу кызматкерлерине «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Башкы көзөмөл органы Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа алууга жарыяланган тендердик комиссиянын мүчөсү болгонун, ал мыйзам бузуу менен өтүп бюджетке  зыян келтирилгенин жарыялаган.

 

Аныкталган фактылар боюнча прокуратура депутат Алмамбет Шыкмаматовго жана Эсептөө палатасынын айрым кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 303 жана 315-беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Шыкмаматов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, муну бийликтин басымы катары баалап келет. Ал буга чейин УКМКга эки ирет суракка чакырылган. Ишти учурда атайын кызмат териштирип жатат.

 

Булак: "Марал"