Бул тууралуу "Сөз эркиндигин коргоо комитети" коомдук уюму таркаткан билдирүүдө айтылат.

 

Анда 25-марттагы окуяда  митингге чыккандар менен милициянын ортосунда атайын чагым уюштурулганы белгиленген. Бирок чагым болгон учурда дагы милиция адекваттуу иш алып барышы керек эле деген пикир айтылган. Анткени оппозиячыл тарап митингчилер менен кагылышууда милиция ашыкча күч колдонууга барган деп эсептейт. Ошондуктан парламент окуянын жүрүшү тартылган видеоматериалдарды иликтеп, укук коргоо органдарынын аракетине карата укуктуу баа бериши зарыл деген ойлорун айтышууда.

 

Коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун айтымында кармалган жарандарга адвокат киргизилбей, медициналык жардам көрсөтүлбөй жатат. Ал митингдин катышуучуларына тартип бузуучу эмес, фашисттерге карата жасалгандай мамиле болуп жатканын белгилейт.

 

“Биз учурда адвокат киргизгенге аракет кылып жатабыз. Кармалгандардан 4-5 киши катуу жабыр тартканы айтылды. Аларга дарыгерлер да киргизилбей жатат”, — дейт Равшан Жээнбеков.

 

Эске сала кетсек, Акыйкатчы Кубат Оторбаев кечээ, 25-мартта интернеттеги баракчасына Биринчи май райондук сотунда жүргөнүн жазып, кармалгандарга акысыз кызмат көрсөтүүнү каалаган адвокаттарды жардамга чакырган.

 

Булак: "Марал" радиосу