Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз ажосу Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылы казактар чек араны жаап коюп, мунун натыйжасында адам курмандыктары болгону тууралуу айтканына жооп кайтарды...

 

“Абай атабыз, казак менен кыргыз бир тууган экенин айткан. Биз кошунабыз. Президенттер жана мамлекет башчылар кетет, бирок эл калат. Аларда (Кыргызстанда – ред.) президенттик шайлоо болуп жатат, ошого байланыштуу ушундай нерселер орун алууда.

 

2010-жылы мыйзамдуу президентти кулатып, өлкөдөн кууп чыгышканда түрмөлөрдөн жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар бошоп кеткен жана алар биз тарапка агылган. Анан албетте, биз чек араны жаап койдук. Эгерде келечекте дагы ушундай абал кайталана турган болсо, биз кайра эле чек араны жабабыз. Мындай абалда кайсы мамлекет чек арасын жаппайт? Ошондуктан, буга эч кимди күнөөлөштүн кереги жок. Баарына Кыргызстандагы кырдаал себепчи болгон.

 

Мен граждандык согушту болтурбоо максатында Бакиевди алып чыгып кеттим. Бул окуялар орун алган учурда жоон топ куралданган адамдар турган, алар Бишкекке чогулуп, тегерек-четтин баарып талкалап, бүлгүнгө учуратууга даяр эле. Мен Отунбаеванын катына ылайык (ал Бакиевди алып чыгып кетүүнү суранган), аскерлерди, тик учакты жөнөтүп, аны алып чыктым.

 

Учурда Казакстан Кыргызстандан жардам аяган жок. Биз Кыргызстанга сүтүн жана этин бизге алып кирүүсү үчүн чек ара пунктарында лабораторияларды ачуу максатында 40 миллион доллар бөлгөнбүз. Ошто баары талкаланган кезде мен эки мектепти салуу үчүн акча жөнөткөм, андан тышкары гумжардамдарды жонөтүп турабыз...”.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити