Өткөн жумада парламентте президент А.Атамбаевдин чет өлкөлүк элчилер менен жолугушуусунда журналисттерди катуу сынга алып чыкканына байланыштуу катуу талаш орун алды. Ак үйдүн кареги менен тең айланган күнкарама айрым депутаттар кечээ журналисттердин колдоосу менен шайланып келгенин унутушуп, ММК өкүлдөрүнө карата катуу чараларды көрүү керектигин айтып чыгышты.

 

Эркин басма сөз өкүлдөрүн улам бири чыга калып “баса калып” жамандап жатышканына “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун ичи чыкпай, “биз азыр сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылып жатабыз. Депутат болгондон кийин, бийик трибунадан чыгып сүйлөп жаткан соң, жоопкерчиликти да сезишибиз керек. Депутаттар өздөрүнүн сөзүнө жооп бергенди билиши зарыл. Эгерде биз үлгү көрсөтүп, фактылар менен сүйлөй албасак, бизден ким үлгү алат?”- деди.

 

Башкача айтканда, Бабанов депутаттар деле апапак периште эмес экенин, алардын арасында көчө деңгээлиндеги ушакты айырмалай албагандар бар экенин айткансыды. Албетте, Өмүкенин бул кеби кесиптеш-депутаттарга жаккан жок. Бирок, кээде алар да кемчилигин моюнга ала жүрсө келечекке жаман болбойт эле.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №10 (288), 21.03.2017-ж.