Президенттикке талапкер, экс-премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна барып, жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөздү.

 

Саясатчы менен жолугушууга келген тургундар айрыкча анын премьер-министр кезинде шаарга күнөскана куруу чечимине ыраазы болушканын жашырышпады. Азыр ошол күнөскананын кызматынан пайдаланышып, мурда чечилбей келаткан кыйла көйгөйлөрдөн арылышканын Темир мырзага айтып беришти. Ошол эле учурда Текебаевдин камакка алынышы, оппозициялык саясатчыларды, журналисттерди куугунтуктоо багытында Сариевдин акыйкаттуу позицияны карманып турганы да элди сүйүнткөнү байкалды. Себеби, азыр калыс пикирин айтып, так жүргөн саясатчылар деле калбай баратат. Эл кимге ишенерин билбей калбадыбы. Баарынан да Сариевдин “Спутник” кичи шаарчасында күтүүсүздөн жашоочулардын сүмөлөк кайнатып жаткан жерине кирип келиши жагымдуу эффект берди. Андагы эл эртең президенттикке аттана турган адамдын ушунчалык кичи пейилдиги, жөнөкөйлүгүнө тан калышып, көпкө кетирбей, чай үстүндө кеңири баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №10 (288), 21.03.2017-ж.