Өткөн жумада “Төө теппей, жылан чакпай” Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү А.Акибаев өз арызы менен отставкага кеткен болчу. Анын ордуна КСДПнын депутаты У.Жылкыбаев деген дайындалган. Ал эми бошогон депутаттык орунга тизме боюнча И.Илмиянов, андан кийин жакында эле парламенттин иш башкармалыгынан ыктыярдуу түрдө (бул да) кеткен А.Кутушев келиши керек экен. Бирок бул экөөсү тең депутат болуудан баш тартышыптыр. Бирок коомчулук алардын эмнеге депутат болуудан баш тарткандыгына түшүнбөй турушат. Болду, болбоду бул табышмактуу жагдайдын эки гана себеби болушу мүмкүн. Биринчиси, президенттик шайлоого чейин парламент сөзсүз тарайт. Экинчиси, бийлик партиясынын ишенген мүчөлөрү чөгүп бараткан кемеден качкан келемиштердей, “тойдум байдын кызына” деп, мандатынан да, майлуу кызматынан да баш тартышууда. Демек, белгилүү журналист К.Карабеков жазгандай, “КСДПнын ичи кыйсыпыр”. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, азыр бийлик партиясы ич ара үч-төрткө бөлүнүп, “мураскер” болуу үчүн шефке бири-бирин жамандашууда. Бирок бүтүндөй мамлекет эмес, бир партиянын кадыр-барктуу лидерине айлана албагандарды шайлоодо жалпы эл колдооого алаар бекен?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №10 (288), 21.03.2017-ж.