Кыргызстандагы баардык революциялардын башаты болгон кандуу Аксы окуясына быйыл – 17-мартта 15 жыл толду. Ушул бүтүндөй бир муундун өмүрүнө тете болгон мезгилде андан бери эмнелер өзгөрдү? Кандуу бийлик элдик болуп, жашоо-турмуш оңолдубу, мамлекетибиз экономикалык жактан өнүгүп, башкалардын катарына кошулдубу? Тилекке каршы бул суроолордун бирине да “ооба” деп жооп берүүгө оозуң барбайт. Анткен менен эмнегедир Аксы окуясынын жылдыгын эстей калган бийлик алты кыргыз жигити окко учкан Боспиек айылына барып, эскерүү митингине катышып, маркумдардын эстелигине гүл койду жана сөз сүйлөдү. Президент А.Атамбаевдин атынан аксылыктарга кайрылуу текстин окуган президенттик аппараттын жетекчиси С.Исаков менен премьер-министр С.Жээнбеков эмнегедир жоо куугандай, баргандан да кайтканча шашып турушту. Баарынан да эскерүү митингинде чыныгы Аксы окуясынын катышуучусу Т.Акунга сөз бербей коюшу, бүгүнкү бийлик деле А.Акаевдин бийлигинен эч кандай айырмасы жок экендигин далилдеп койду. Сыягы, мындан 15 жыл мурда Т.Акун Аксыда эл менен милициянын ортосунда “арачы алты таяк жейт” болуп, башы жарылып жүргөндө ушул С.Исаков деген чычым студент эле болсо керек эле. Ошентип, Ак үй, президент Аксыга жиберген “десанттар” Аксыга барары барып алып, өз элинен коркуп, кайра Бишкекке артын карабай шашып келди дешет. Баса, бул эки эргулдун бирөөсү болочок президент дешеби? (Эскерүү иш-чарасы тууралуу кененирээк ушул сандан окуй аласыздар).

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №10 (288), 21.03.2017-ж.