Анда "эки ыңкылап тең максаттарына жетпегени белгиленсин, "Элдик парламент" уюмунун камактагы өкүлдөрү бошотулсун, "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткара албай жаткандыктан ушул жылдын 10-апрелине чейин тарасын", деген талаптар камтылган.

 

Ошондой эле "Эл үнү", "Элдик курултай" кыймылдары, "Ата Журт" партиясы жана башка кыймылдардын катышуусунда ушул айдын этегинде Жалал-Абад шаарында, апрелде Талас облусундагы "Манас ордо" комплексинде элдик жыйын уюштурула турганы маалымдалды.

Бүгүн Боспиек айылында Аксы окуясынын курмандыктары эскерилип, ага жабыркагандар, жергиликтүү эл, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков катышты.

 

Оппозиция өкүлдөрү да барып, аларга сөз берилген жок. Кийинчерээк алар Кара-Жыгач айылындагы элдик жыйынга катышып, сөз сүйлөштү.

 

“Азаттык”