КСДПдан билдиришкендей, Узарбек Жылкыбаевдин кетиши менен бошогон депутаттык орун тизме боюнча кезекте турган Икрамжан Илмияновго тийиши керек.

 

И.Илмиянов Лейлектин кулуну. Атамбаев Бакиев бийлигине оппозицияда жүргөн кезинде жакын санаалаштары бүт сатып кетсе да бул жигит жардамчысы жана шоопуру болуп, аягына дейре колдогон.

 

А.Атамбаев бийликке келген соң анын президенттик аппаратын тейлеген. Ошондон улам, “Кыргызстандагы бардык кадр маселесин Атамбаевдин шоопуру чечип жатат”,- деген күмөн саноолор жаралган. Анткен менен Икрамжандын билими жогорку экенин эске салып коёлу.

 

Коомчулукта И.Илмияновду экс-канзаада Максим Бакиев менен салыштыргандар да бар. Бирок азырынча ал сөз бойдон гана калууда жана аны тастыктаган фактылар, далилдер коомчулукка сунушталган жок.

 

Айрым булактар билдиргендей, И.Илмиянов ЖКга барары менен КСДП фракция башчысы болуп шайланат, ал эми Иса Өмүркулов өз ишин мыктылап алып бара албаган Ч.Турсунбековдун ордуна спикер болот.