- Улукбек мырза, сот Текебаевди эки айга камоо чечимин чыгарды.  Анын камалышы Кыргызстандагы абалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

 

- Албетте, өзгөртөт. Эл эки ай адилеттүү чечим чыгат деп күтүшү мүмкүн. Эки айдан кийин да жок нерселерди шылтоолоп, камоону уланта бере турган болсо кыжырданган эл бийликтин айласын кетирчү кадамдарга барып коюшу мүмкүн. Негизи Текебаев ак жеринен эле камалды. Аны саясаттан жок кылгысы келгендер ак же көк экенин иликтебей туруп, ага каршы жазылган арыздын негизинде эле камакка алышты. Чынында арыз жазылып, тергөө жүрүп, күнөөсү болсо гана камаш керек болчу. Барынан кызыгы, акыркы мезгилде Кыргызстанда баш көтөргөн адамдарды чет мамлекеттин жарандарынын берген көрсөтмөсүнүн негизинде камоо адатка айлана баштады. Башка мамлекеттер өз жарандарын коргосо, биздин мамлекет Кыргызстандын жарандарын камайт. Чет мамлекеттик жарандардын берген арыздарынын негизинде камаардан мурун алдардын ким экендигин да иликтеп коюшса жакшы болот эле. Анткени, Текебаевге каршы көрсөтмө берген россиялык бизнесмен деп аткан киши тууралуу коомчулукта терс пикирлер көбүрөөк айтылып жатат. Бийликтегилер оппоненттерин камаганга ашыккандан мурун саясый куугунтукту токтотушу керек. Болбосо, саясый куугунтуктун түбү жакшылыкка алып келбейт. Президент элдин биримдигин, мамлекеттин стабилдүүлүгүн кааласа, саясый куугунтукту токтотушу керек. Ошондой эле кылмыш ишти жалаң каршылаштарына тандап козгобошу керек.

 

- Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде кандай күрөш болсо да Текебаев жеңип чыкчу эле. Бу сапар Текебаев алсыздык кылып койдубу же Атамбаев амалкөйлүк кылдыбы?

 

- Текебаев жогорку деңгээлдеги саясатчы болгондуктан бийликтин “камайм” деген коңгуроосунан да корккон жок. Ошон үчүн Европада калып калбай. Кыргызстанга келди. Эгер коркок болсо же чындап эле  күнөөсү болгондо “саясый куугунтукка кабылдым” деп Европадан жылуу-жумшак орун таап алмак.  Балким, бийликтегилер  Текебаев келбей калат деп ойлоп, аны камоо аракетин көргөндүр. Тебаев бу сапар камакка алынганы менен “Ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи  Бакиев убагындагыдай бийликтин койгон дооматтары дал келбей акталып кетет деп ойлойм.

 

- Анын ак экенине ишенесизби?

 

- Текебаев өтө кырааккы, кыйын киши. Каныбек Иманалиев айтмакчы, ал батинке сатып алса да, чегин катып койгон адам. Батинкенин чегин каткан киши миллиондорду алды дегенге чыны менен ишенбей турам.

 

 - Эми “Ата Мекендин” кылмыш иши козголгон башка мүчөлөрүнүн да абалы оорлоп кетпейби?

 

- Текебаевди камап, башкаларына кылмыш ишин козгогондун өзү белдүү, тарыхы бар партияны жок кылуу. Репрессиялоо саясаты орун алганынан жана жеке өч алуу саясаты ишке аша баштаганынан кабар берет. Мыйзамсыздык орун алганын далилдейт. Эгер соттор “ата-мекенчилерге” козголгон кылмыш иштерди адилеттүү тергеп, калыс позицияны карманып, чечим чыгарбаса, кырдаал кыйындайт Соттор адилеттүү чечим чыгарса, баары өз ордуна келет.

 

- Путиндин келээринде Текебаевди камакка алынганы анын тапшырмасын ишке ашыргандан кабар бербейби?

 

- Мен антип ойлобойт элем. Себеби, чоң державанын башчысы келатканда Текебаевди камап, аны камап салдым деп мактанып отургандын өзү Атамбаевге абийир алып келген жок. Тескерисинче, президент ага ички маселелерибизди айтып, мамлекетибиздин кадырын кетирип, имиджин түшүрүп жатат. Путин келип кеткенче кичине чыдап турсак болмок.

 

Кыскасы, президенттин “өзүм менен кошо бир топ адамды алып кетем” деген сөзү да көп саясатчыны ойго салып жатат. Президент “өч алам, бийлик колдо турганда камайм” дегенден мурун  акылга келип, ачууга алдырбашы керек.

Эгер мыйзам баарына бирдей болсо, Текебаевди Орусиянын бир жаранынын жазган арызы үчүн камакка алса, анда Акаевдин жазуучуларга бөлгөн 50 миллион рублди Атамбаев алып алган деген сөзү үчүн президентти да жоопко тартыш керек деген маселе жаралат.

 

- Президент “эркин журналисттер, айрым саясатчылар каралоо менен алек болуп, Кыргызстандагы стабилдүүлүктү бузууга аракет кылып жатат” деген оюн айтты. Буга кандай комментарий бересиз?

 

- Чынында каралоо же асылуу бир эле тараптан болгон жок. Президент өзүн же партиясын каралагандарды эле эмес, мамлекеттик телеканалдар, мамлекеттик гезиттер аркылуу бийликтин оппоненттерин кандай каралаганына да ошондой маани берсе жакшы болот эле. Айтайын дегеним, эки жак тең бири-биринен кем эмес каралашып, колдорунан келсе маалыматтык согушта ийгиликке жеткиси келип жатат. Оппозициячыл көз караштагы саясатчылар эркин гезиттер аркылуу оюн билдирип жатса, бийлик каралагысы келген адамды 2 жума теледен түшүрбөй бир текстти 90 жолу бердирип, каралап эле эмес, бул жаман адам деген ойду элдин мээсине сиңирип коюп жатат. Ошондуктан, президент дооматты бир жакка эле койбошу керек.

 

- Президенттин бул билдирүүсү басма сөз эркиндигине шек келтирбейби?

 

- Шек келтирет. Айтайын дегеним, ал билдирүүнүн артында “мага жана менин партияма асылгандар  жоопко тартылат. Ири суммадагы каражаттарды төлөйт”,- деген ойду билдирип жатат. Ошондуктан, “сүйлөсөм же ачуу чындыкты жазсам, чөнтөгүмө доо кетет экен” деп кооптонгудай абалды жаратууга аракет кылып  жатышат.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.