- Өз баламдын кыялын өзүм жакшы билем. Ал айтканынан кайтпаган өжөр, жолборс жүрөк. Менин балам калп айтканды жек көрөт, калп айтып жаткан адамды дагы дароо сезип коет. Уулум ак, чындык ал тарапта. Балам чындык деп күйгөнү үчүн эл ар дайым добушун берип, ушул убака чейин депутат болуп келе жатат.

Өмүрбегим ичип жегендерди, туура эмес бара жаткандарды көрсө жөн тура албай ачуусу келет. Балам камалганда, түнү менен уктай албай кыжалат болуп чыктым. Эне жүрөгү сезет экен, таң атканда деле мага эч ким айткан жок. Үйгө кыздарым, туугандар келе башташты, “ой эмне баарыңар бир күндө чогуу келип калгансыңар” деп сурап калдым. Алар мага: “апа, жөн эле келсек болбойбу” деп күлүп коюшту. Баары сыртка чыгып кеткенде өзүм телевизорду жандырып көрүп калдым.

Балам 30 жылдай саясатта жүрдү, аны жалган жалаа менен ар дайым каралап, элге жаман көрсөткөнгө аракет кылып жүрүштү. Алгач коркуп жүрдүм, кийин балам актыгын далилдеп койгондо ага ыраазы болдум. Уулум атасын тартып ар дайым чындыкты бетке айткан жигит болду, болгондо дагы коркпой туруп бетке айтат. Балам ак, ал жеңип чыгат, менин жүрөгүм сезип турат.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15.03.2017-жыл.