Мисалы, “Политклиника” гезитине берген маегинде минтип айткан: “Камчыбек Ташиев Социал-демократтар партиясын жана анын ичинде мени элге жаман көргөзүү үчүн “түндүк-түштүк, Жалал-Абад–Алай” деген маселени көтөрүп, ошондой эле бул жерде жалал-абаддыктар, сузактыктар, барпылыктар гана болушу керек деген коркунучтуу көз карашты жайылтып жатат. Мен өзүм алайлык болгонум менен Токтогулда туулганмын. Жалал-Абад шаарында жашаганыма 20 жылдан ашты. Элдин арасынан өсүп чыгып, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешине эки ирет депутат болгом. Кийин ушул жердеги элдин колдосу менен парламентке депутат болуп шайландым. Учурда Ташиев алайлык, жалал-абаддык деп бөлүү менен “бул жерде эл мени гана шайлашы керек, мени гана угушу керек, мен гана болушум керек, башка эч ким болбошу керек” деген бузукулук иштерин жасап жатат. Мени каралоо үчүн өзүнө тиешелүү “7-каналдан” төрт айда эле 320 видеоматериал чыгарды. Күнүнө 5-6 жолудан мени каралаган материалдар чыгып жатты. Бул ушул муундагы саясатчылардын оорусу окшойт. Албетте, менин кесиптештерим капа болбосун, бирок мындай көрүнүштөр уланууда. Биз элди бөлбөшүбүз керек. Элди бөлүп-жарып алган добуш буюрбайт. Ошондой саясат жүргүзүп, добуш алып келген партиялар кийин бөлүнүп кетишти. Менин оюмча, ал нерсе жөндөн-жөн болгон жок”.

К.Ташиевдин айтымында, дал ушинтип мазактаганы жүрөгүн оорутуп, акыры аргасыз сотко берүүгө аргасыз болгон.

 

Кыргыз эли эң алды К.Ташиевди мекенчил атуул катары билет. Ош окуясы жалбырттаганда КСДПчылар башын кумга катып жатып алганда, дал ушул К.Ташиев элди бөлүнүп-жарылуудан сактап калган. Башын тобокелчиликке салып улут аралык жанжалды токтоткон. Дал ошондуктан да, анын оозунан “түндүк-түштүк” деп элди бөлгөн сөздөр чыгышы мүмкүн эмес.

 

Ал эми Токтогул Туманов өткөн жумадагы сот процессинде каршы доо арыз киргизди. Ага карасак, Т.Туманов КСДПнын Жалал-Абаддагы куратору болгондуктан, К.Ташиев анын аброюна шек келтирип жүрүптүр. “Мени өзүнө караштуу 7-канал аркылуу 320 ирет жамандаган ролик жасап көрсөткөн”,- деп сотко арызданды ал. Башкача айтканда, ал сотко: “если что мен СДПКданмын”- дегендей ишарат жасагысы келгени көрүнүп эле турбайбы.

 

Көрсө, 2011-жылы К.Ташиев Тумановдор тууралуу айткан жери бар экен. Бирок анда элди бөлгөн эч кандай сөз жок. Ошону унутпай, 2015-жылы Т.Туманов Ташиевди трайбалист катары сыпаттаган маектерди парламенттик шайлоонун алдында берген. Ал эми 7-канал боюнча Ташиев мындай деди: “Эгерде 7-канал сизди жаманатты кылып көрсөтүп жатса сотко бериниз, колуңуздан келсе жаптырып салыңыз. Бирок менин ага кандай тийешем бар? Канал 2013-жылы эле башка адамдардын менчигине өтүп кеткен”. Чынын айтканда, каналдын азыркы ээсине Тумановдун тиши өтпөшү турган иш.

Сот процесси 4-апрелде уланат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.