Бүгүн парламенттин жыйынында “Ата Мекен” фракциясы “Мамлекеттик бийликтин жана элдин биримдигин бекемдөө жөнүндө” ЖКнын токтомун кабыл алуу сунушун көтөрүп чыкты.

 

Бирок, Жогорку Кенештин депутаттары аны колдобой, жада калса добушка коюудан да баш тартышты. Көбүнесе бийликтин көзүн караган депутаттар олтурган парламент корко тургандай бул токтомдо эмне болушу мүмкүн?

 

Анда токтом долбоорун назарыңыздарга сунуштайбыз....

 

долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

 

ТОКТОМУ

 

 

Акыркы мезгилдеги саясий окуяларга байланыштуу өлкөдөгү коомдук-саясий турмушта пайда болгон жана күчөп бараткан чыңалууну эске алуу менен,

 

мамлекет башчысынын расмий сөздөрүнөн улам,

 

эл өкүлчүлүгүнүн жогорку органы катары Кыргыз Республикасынын парламенти – Жогорку Кеңеш,

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2, 3, 5, 6, 70, 74-беренелерин жетекчиликке алуу менен, токтом кылат:

 

1. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык түзүмдөрүнүн ишин туруктуу жана толук кандуу камсыздоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана бардык депутаттардын башкы милдети болуп саналсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик органдардын ишиндеги туруктуулукту жана алга умтулуу аракеттерин камсыздоо боюнча жалпы мамлекеттик программаны 10 (он) күндүк мөөнөт ичинде иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.

 

4. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин 2017-жылдын 19-ноябрын Президенттик шайлоону өткөрүү күнү катары жарыялоосу Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо тартибине туура келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 2-пункутуна ылайык, конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте ишке ашуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин гана артыкчылыктуу укугу болуп саналат.

 

5. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына жик салбоо, эл менен мамлекеттик бийликтин ортосундагы биримдикти бузбоо, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60-беренесине ылайык, мамлекет башчысынан талап кылынгандыктан, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн кемсинткен, парламенттик фракцияларга, партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана региондордогу калктын биримдигине шек келтирген эмоциялык билдирүүлөрдү жана баа берүүлөрдү жасабоону Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев эске алсын.

 

Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы