Айрыкча биздин өлкөдө президенттик шайлоо болордо талапкерлер жамгырдан кийинки козу карындай жайнап калары бышык. Атүгүл, чындап реалдуу президент болууга мүмкүнчүлүгү чоң адамдардан айырмаланып, жөн гана элге бекер концерт таруулагысы келип, “мен президент болот элем”- деген саясатчы болумуштардын туруктуу тизмеси да элге белгилүү. Булардын катарына адатынча Кубанычбек Апас, Нурлан Мотуев өңдүүлөр, акыркы кезде Жеңишбек Назаралиев кошулуп жүрөт.

 

Мына ошолордун бири, профессор Жеңишбек Назаралиев башкалардын талпынып чыгып жатканын көрүп, өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына талапкерлердин тизмесин жарыялап, добуш берүү жарыялап ийген. “Ушул жерден утсам, президенттикке точно чыгам”,- дегенин уктук эле. Бирок, 12 миң адам катышкан сурамжылоодон 886 гана добуш алган Женишбек мырза “жеңилүү ызасына” буулугуп, “саясаттагы ордумду системдүү иш алып барган талапкерлерге жылдырдым”- деп чыкты. Буга бир чети күлкүң келет, ушул “Фейсбуктан” миңге жетпеген добушту араң топтоп атса, кайсы саясаттагы орду тууралуу кеп болушу мүмкүн? Жок ордун кантип тапшырат?

 

Андан тышкары, Ж.Назаралиев эмнеге сурамжылоодо Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев алга суурулуп чыгып кеткенин түшүндүрүүгө аракет жасаптыр. Анын айтымында, 12 миң адамдын 3,5 миңинин добушун алган Бабанов жок дегенде 3 миң адамды иш менен камсыз кылып олтурат. “Ошондуктан, добуш берүүнүн жыйынтыгына ал өз имиджин кармап туруш үчүн бир телефондук чалуу менен таасир көрсөтө алат. Көп адамдар жеке жыргалчылыгы үчүн ага ыраазы экенин эске алганда, телефон чалып деле убара болбойт”,- дейт ал. Ал эми 772 добушка жетишкен Темир Сариевди ал “чолок өрдөк” атады. “Эгер Атамбаев көлөкөдөгү кардиналдын ролун каалап жатса Сариевдин талапкерлиги толук төп келет, парламентте өкүлчүлүгү жок болгондуктан, айтканына чыкпайт”,- деп көзү ачыктык кылды Назаралиев. Минтип бул талапкерлер тууралуу кескин түрдө айтып атканы анын жеңилүүдөн кийинки “ич күптүсү” сыртка чыгып атканын каңкуулайт.

 

Ошону менен катар, өзүнүн 2-орунда келгенин Жеңишбек Назаралиев: “Менин атагым мага иштеп жатат”- деп мүнөздөгөн. “Бирок мени көпчүлүк саясатчы катары кабыл албай, “бу Назаралиев деген ким өзү?”- деп көрө албастык кылышууда. Мен буга түз карайм, анткени, күчтүү инсандар кайсы бир тар чөйрөдөгү адамдар тарабынан иренжүү менен кабыл алынат”,- дейт ал.

 

Айтор, элдин баары Текебаевдин камалганы тууралуу сөз кылып жаткан учурда Жеңишбек Назаралиев зериктирбей, кызык жүрүш жасады. Ошентсе да анын президенттик шайлоого чыкпай калганы өкүндүрөт. “Дайте нам хлеба и зрелищ”- дешет го, ошол сыңары, Ж.Назаралиев элди нандан кем калтырбаса да, бекер шоусунан куржалак калтырып салбадыбы...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.