Сөз эркиндигинин “Меккесине” айланган өлкөбүздө социалдык тармактардагы жөнөкөй адамдардан тартып, эркин маалымат каражаттарына чейин башкаларын мындай кой, президентибиздин өзүн ар кандай шектүү иштерге аралаштырган имиштер айтылып келүүдө. Ал тургай жыл башында 40 адамдын өмүрүн алган Дача СУ айылындагы кырсыкка кабылган учактагы жүк А.Атамбаевдин жубайы Р.Атамбаевага тиешелүү экендиги алгач ушак катары айтылып, кийин чындыкка айлана баштаган (ушакты улам кайталап айта берсе, чындык катары кабыл алына турган касиети бар эмеспи). Бир чети президент жана анын аткошчуларынын мындай имиштерге өз учурунда жооп кайтарбагандыгынан да далилсиз маалыматтар ишене тургандай пикир жаратып аткан. Бирок жакында президент 120 чакты маданият, искусство ишмерлерине сыйлык тапшырып атып агынан жарылды. Көрсө, үй-бүлөсүнүн Кипрде эч кандай бизнеси, капиталы жок экен. “Эгер кимдир-бирөө ал жактан менин акчамды тапса, ошолорго бөлүп берем. Барып-келгенине жол киресин да төлөйүн”,- деди А. Атамбаев. Ал эми “кандуу жүккө” да тиешеси жок экен. Президент ал тургай айрым маалымат каражаттары менен депутаттарды “ушакчы” деп атап, аларды миллиондогон сом доо менен сотко берди жана “тарап кеткиле!”,- деди. Сөзүнүн акырында жакында дагы бир топ Убактылуу өкмөт мүчөлөрү камаларын эскертти. Демек...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (287), 15-март 2017-жыл.