Ушул тапта Бишкек—Ош унаа жолунун Акман айылындагы тилкесинде эки боз үй тигилген. Анын тегерегине азырынча элүүдөн ашуун киши чогулду. Адамдардын катары барган сайын калыңдоодо. Мындан тышкары Ноокен районунун борборунда Өмүрбек Текебаевди коргоо штабы дагы ачылып, ишке киришти.

 

- Өмүрбек Текебаевдин санаалаштары штабдын жанына дагы боз үй тигүүгө келишти. Коомдук абалды Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тыкыр көзөмөлдөп жатышат, - деди жергиликтүү тургун Катча Эргешова.

 

Айтмакчы, Өмүрбек Текебаев үстүбүздөгү жылдын 26-февралына  караган түнү Стамбулдан учуп келгенде “Манас” аэропортунан кармалып, 48 саатка камалган. 27-февралда кечинде Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов  Өмүрбек Текебаевди УКМКнын тергөө абагына 25-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин жарыялаган. Жактоочулардын арызынын негизинде бул ишти 9-мартта Бишкек шаардык соту дагы карап, райондук соттун чечимин толук бойдон күчүндө калтырган. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык Жогорку Кеңеш депутатына жактоочунун катышуусунда Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза Кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде (коррупция) айып тагылды.

 

Ушул жылдын 25-февралында Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш  депутаты Өмүрбек Текебаевге жана “Ата Мекен” партиясынын жолбашчысынын орун басары Дүйшөнкул Чотоновго карата орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иштерин козгогон.

 

Алишер Токсонбаев