Билдирүүнүн толук тексти, өзгөртүүсүз жарыяланат:

 

“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери, 25 жылдык стажы бар саясатчы Текебаев Өмүрбек Чиркешович президенттик шайлоонун алдында камакка алынды. Депутат Ө.Текебаевди кармоо жана камакка алуу мыйзамдарды одоно бузуу менен ишке ашырылган. Аны аэропортто түн ичинде, Австриядан эл аралык конференциядан кайтып келе жатканда, негизсиз көп сандагы милициянын кызматкерлери тарабынан өтө коркунучтуу кылмышкер катары кармап кетишти. Аэропортко аскердик жүк ташуучу машиналар, бир нече автобустагы милиция, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тартылган. Камакка алынгандан кийин көпкө чейин адвокат беришкен эмес. Бөгөт коюу чарасын кабыл алууда мыйзамдуу негизсиз соттун көчмө жыйыны өткөрүлүп, сот жыйыны жашыруун, жабык режимде өттү. Мындан сырткары, сотту өткөрүү орду алмаштырылып, түн ичинде болду.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесттик кодексинин 150-беренесине ылайык, кылмыштын жасалышын көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын болушу жазык ишин козгоого негиз болуп эсептелгенине карабастан, Россия Федерациясынын жараны Л.Маевскийдин арызы менен гана айыптоо негизделген. Ошентип, далилсиз каралоочу көрсөтмөлөр менен гана ар кандай эле жаранды камоого мүмкүндүк берүүчү коркунучтуу прецедент түзүлүп жатат. Ошол эле убакта арыз берүүчүнүн инсандыгы, жалпыга маалымдоо каражаттарда берилген маалымат боюнча өзүнүн Ата Журтунун мыйзамдарында каршылыктар бар экени, ошондой эле анын эл аралык деңгээлдеги алдамчы экени эске алынган эмес.

 

“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин, Д.Чотоновдун мыйзамсыз кармалышы жана камалышы менен байланышкан акыркы окуялар, фракциянын мүчөлөрү, депутаттар А.Шыкмаматовго, А.Саляновага, ошондой учурдагы президентке карата сын-пикир менен чыккан жарандарга карата козголгон кылмыш иштери бийликтин оппоненттерин саясий куугунтуктап жатканын ачык далилдейт. Парламенттеги угууларда Башкы прокурор И.Жолдубаева жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы А.Сегизбаев депутат Ө.Текебаевди кармоо жана айыптоо боюнча маалыматты берди, бирок алардын дооматтары жана түшүндүрмөлөрү эң эле ишенимсиз, ачыктан-ачык саясий мүнөздө айтылды. 

 

2017-жылдын 6-мартындагы пресс-конференциянын жүрүшүндө, Россия Федерациясынын президенти В.Путиндин визити учурунда Президент А.Атамбаев күтүлбөгөн сөздөрдү айтты. Ал Л.Маевскийдин арызына түшүндүрмө берип, Ө.Текебаевдин аракетин “суудан да таза алдамчылык жана коррупция” деп атады. Аны менен, чындыгында кылмыш ишине баа берди, ачыктан-ачык соттун чечимин алдын-ала аныктады. Мамлекет башчысы Конституциянын ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт деген талаптарын эл алдында бузду. Анын сөздөрүн “Ата Мекен” парламенттик фракциясы тергөө органдарына түздөн-түз басым, аракетке көрсөтмө катары кабыл алат.

 

“Ата Мекен” фракциясы Атамбаевдин: “Ата Мекен” партиясы сасыган партия жана мародёрлордун партиясы” деген сөзүн шылдыңдоо жана мамлекет башчысынын кебине татыктуу эмес деп эсептейт. Бул каралоо кампанияларынын жана камоолордун башында президент Атамбаев өзү турганын далилдейт. Мындай жеңил-желпи сөздөрү менен ал биздин өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун астында оңтойсуз абалга коюп жатат.

 

Өмүрбек Текебаев президент А.Атамбаевди ыйгарым укуктарын чоңойтуп алганы боюнча бир канча жолу сынга алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын түзүлө турган бийлик органдарын укуксуз түзгөн, ал бекитпей турган улуттук стратегияларды укуксуз бекиткен, анын ыйгарым укуктарына кирбеген маселелер боюнча ар түрдүү жумушчу органдарды түзгөн. Бул сыяктуу бийликтин саясий  рудименттери укуктук мамлекеттин принциптерине каршы келет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мыйзамсыз кеңейтилишинин белгилерин камтыйт. Буга байланыштуу, депутат Ө.Текебаев президенттин импичментин демилгелөө маселесин көтөрүп келген. 

 

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар 2017-жылдын күзүндө боло турган президентти шайлоонун алдында саясий оппонентти куугунтукка алууга себеп болду.

 

Ө.Текебаевге каршы айыптоо саясий жактан уюшулган, ал эми президент А.Атамбаевдин бардык сөздөрүнө жана аракеттерине саясий, укуктук жана этикалык баа берилиш керек!

 

Президент жана күч түзүмдөрү тарабынан саясий куугунтуктун токтотулушун талап кылабыз! Биз оңой эмес жол менен, ал тургай адам курмандыктары менен умтулуп жаткан бардык демократиялык баалуулуктарды жоготпошубуз керек!

 

Президент А.Ш.Атамбаевден эл алдында өзүнүн саясий оппоненттерин маскаралоону, өз жарандарын шылдыңдоону, сотторго басым көрсөтүүнү токтотууну талап кылабыз.

 

Бардык прогрессивдүү коомдорду сөз эркиндигин, адам укуктарын коргоого, саясий же башка себептер менен куугунтуктоого каршы күрөшүүгө чакырабыз.

 

“Ата Мекен” партиясынын депутаттык фракциясы