“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко менен саясий кырдаал жана Ө.Текебаевдин камалышы тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

 

- Бүгүнкү күнү көчө оппозициясы пайда болгону шексиз, эмне бул маселелер парламентте чечилбей калдыбы?

 

- Чындыгында биз чуулгандуу иштерди парламенттен чечкенге катуу аракет жасадык, бирок, тилекке каршы бизди көпчүлүк коллегаларыбыз колдогон жок. Ошондуктан көчөгө чыгууга аргасыз болдук. Мен муну “парламенттин абсолюттук кудуретсиздиги” катары санайм. Фракция лидеринин одоно мыйзам бузуу менен камакка алынуусун саясий куугунтук деп эсептейм. Парламент токтоосуз түрдө реакция жасашы керек эле, бирок, Бакыт Төрөбаевден башка фракция лидерлери же спикер тарабынан колдоо болгон жок. Алардын үндөбөй отурушун мен жакынкы президенттик шайлоодогу кызыкчылыктары бар экендигинен го деп ойлойм. Бүгүнкү күнү парламенттин реакциясы керек болчу, мейли ар кимиси ар кандай пикир айтканда деле реакциясы баары бир болушу керек эле.

 

- Анда бул болуп жаткан окуяларды президенттин шайлоого карата башталган аракеттери деп бааласак болобу?

 

- Президенттин кандай пикири бар экенин билбейм, бирок менин оюм боюнча, бул “өзүнүн саясий талаасын тазалоого өттү” дегендикке жатат. Жүз берген окуялар кечээ же бүгүн башталып жаткан жери жок. Көптөн бери болуп келаткан аракет. Буге чейин мародёрлук боюнча иш козгоп, партиянын лидерин дискредитациялоого аракет кылышкан. Менин оюмча алар “Ата Мекен” партиясына анчалык баа бербей жатышат, себеби мамлекеттин негизи болгон жөнөкөй эл дайыма биздин партия менен бирге болуп келишкен. Мен ушунчалык элдердин колдоосу бар экендигине абдан ыраазымын. Биздин лидерге болгон ишеничтери да бар экендигинде шегим жок. Бийликтин биздин лидерге кылган мамилелерине өтө нааразымын, түн ичинде Биринчи май сотуна эмес, аскер сотуна алпарышты, ал жер ээн эмеспи, аскер соту деген жок ал жерде азыр. Эгер баарын сот чече турган болсо эмнеден мынчалык коркушту, коркуунун кажети бар беле? Ошондуктан, менин оюмча, мунун баары - саясий куугунтук жана саясий талааны тазалоо.

 

- Мындан аркы окуянын өнүгүшү кандай өңүттө жүрөт деп айта алаар элеңиз...

 

- Биз мөөнөтсүз митингдерди токтотпойбуз жана бул маселени парламентте да көтөрөбүз. Биз бийликтен, соттордон таза чечим чыгарышын талап кылабыз жана биз айткан сөздөр, койгон талаптар элдик талаптар экендигин түшүндүрөбүз деген ойдомун. Биз бул акыйкатсыздыкты ЖМКдан, тынчтык митингдери аркылуу элге жеткирип турууга аракет жасайбыз, себеби өкмөттүк телерадиодон чындыктын элге жетиши мүмкүн эмес бүгүнкү күндө. Баш мыйзамдагы “презумпция невиновности” деген беренени бузуп, соттун чечими чыга электе эле КТРКдан бир жактуу каралоо башталды. Бул - саясий оппонентин каралап коомдук пикир жаратуу. Эгерде бийлик эч нерседен коркпосо, эмне үчүн мындай кадамдарга барып жатат?

 

- Сиз кандай ойлойсуз, “Ата Мекен” партиясын, биринчи кезекте лидериңиздер Өмүрбек Текебаевди президенттик шайлоого чейин бийлик сындырып салбайбы?

 

- “Ата Мекен” тарыхы бар, эмгеги сиңген партия, ошондуктан, куугунтуктун да чеги болот. Эгерде ушинтип фабрикадан чыккандай окшош айыптарды тагып, “Ата Мекен” партиясын күнөөлөп, кысым жасай берсе, анда коомчулукта олутту каршы пикирлер пайда болуп, анын аягы жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

 

- Сиз муну биздин бийлик кандайдыр бир башка державанын басымы астында, же көрсөтмөсү менен кылып жатат деп ойлойт белеңиз?

 

- Андай маалыматты азырынча айтуу эртелик кылат, бирок баарынан да  бир бийлик куласа, экинчисине өтүп, негизги позицияларды ээлеп, демократиялык принциптерди жокко чыгарып келе жаткан ички душмандар деп ойлойм. Демократия деген тез арада калыптана калчу нерсе эмес, буга элдин ишеними, талдоосу керек. Демократияга көздөй сүйрөп кетүүчү күчтүү парламент бизде азыр жок. Ошондуктан мен ойлойм бул бийликтеги коррупциялык жолдон кайтууну каалабаган, эски адат боюнча иштөөнү каалаган адамдардын тобу бүгүнкү душмандар. Жөнөкөй Кыргызстандын эли жаңы коррупциясыз жашоого өтүүнү каалашат. Ошондуктан эл адилеттүүлүктү талап кылат, көнбөсө каршылык кылат.

 

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.