Убагында Аскар Акаевдин бийлигинин башкы идеологу саналган Осмонакун Ибраимов аттуу “эрен” бар эмеспи. Март ыңкылабынан кийин шефи Москваны көздөй сызып кеткени жумушсуз калып, акыры “Азаттык” радиосуна баяндамачы болуп кичине жаны жай алгансыды.

 

Ара чолодо төбөсү көрүнгөн саясатчыларга ар кыл өңүттөгү текстерди жазып берип, гонорар алаарын угуп калабыз. Маселен, башбакан кезинде турникке 12 жолу тартынганын ММК аркылуу жайылтып, “пиар маньяк” атыккан белгилүү саясатчынын сөзүн жазып жүргөнүнөн кабарыбыз бар эле. Негизи Осмонакун акебиз учкашкан адам Аскар Акаевчесинен мекенин качат же же жогоруда айткан саясатчыдай коррупцияга шектелип, ээрден шыпырылат. Эңди мындай кейиштүү тагдырга абактагы Өмүрбек Текебаев тушукпаса экен деп турубуз. Себеби, Өмүке жакында коомчулукка билдирүү менен чыгаарын, анын текстин кадимки Осмонакун Ибраимов жазып атканы туурасында кеп кетти. Башкы “ата мекенчинин” күнү Акаевдин башкы идеологуна түшүп калса иштин бүткөнү ошол эмеспи? Бекеринен парламенттеги “ата мекенчилер” кожоюнуна айтпай туруп аны фракция лидерлигинен четтетип, ордуна Алмамбет Шыкмаматовду шашылыш шайлап алышпаган тура көрсө. Осмонакунга ишенген Акаев Москвада, калгандары ай талаада, эми Текебаев кайдан жай табаар экен? Же коомдук ишмер Эдил Байсалов божомолдогондой, 1 млн. доллардын “кунун” 15 жылдык эркиндиги менен кош айтышуу аркылуу төлөп береби?  

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.