- Азимбек Анаркулович, президент акыркы мезгилде Текебаев айткан ар бир сөзгө реакция кыла баштады. Бул жагдай Атамбаевдин биринчи душманы Текебаев дегенден кабар бербейби?

 

- Бул “келишкис душманым Текебаев” дегенди түшүндүрбөйт. Бирок, “мени колдобогондордун түбүнө жетем” деген саясат жасап жатканынан кабар берет. Башкача айтканда, Атамбаев Убактылуу өкмөттүн өзүн колдобогон мүчөлөрүн жок кылам деген максат коюп жатканын каңкуулайт.

 

- Текебаевди камоого эч ким батынчу эмес эле. Эми аны кандай тагдыр күтүшү мүмкүн?

 

- Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Ошондуктан азыр баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарыш керек.  Ошондой эле жабык эмес, ачык тергөө, ачык сот болушу керек. Текебаевдин ишин кыскартып же дагы бир башкача багытта бура турган  болсо, коомдо башкача көз караш пайда болуп калышы мүмкүн. Менимче ага Текебаев деле макул болбосо керек. Башкача айтканда, Текебаев деле “мени соттосун же актасын” деген талап коёт. 2002-жылы мен да ошенткем. “Күнөөлүү болсом соттогула. Күнөөм жок болсо актагыла. Элди аттырып алып, мени неге чыгарып жатасыңар”- деп түрмөдөн чыкпай кыйнагам. Менимче, Текебаев да ошентет. Анткени, президент өзү көп нерселерди айтып койду. Эми Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, ишти аягына чейин чыгарышы керек. Бул мыйзамдын талабы. Иш козголбосо болот эле. Иш козголдубу ,акталышы же соттолушу керек. Башкача айтканда, бул ишке соттун чекит койгону туура болот.

 

- Текебаевге кылмыш из козголуп, камакка алынгандан кийин башка да “кылбыры” бар экени айтылган “ата-мекенчилерди” семичке чакандай кылып аларды да жок кылып, камап салбайбы?

 

- “Ата-мекенчилерди” камагандан мурун Жогорку Кеңешти таркатыш керек. Анткени, “Ата Мекен” фракциясынын баарын  “кылмышкер” деп камоого аракет кылып жатат. “Ата-мекенчилерди” торуган маселе башка фракциялардын башында дагы бар. Эсептеп көрсөм, азыркы парламентте 40тан ашык депутатка кылмыш иши козголуп, токтотулгандар бар. Ошон үчүн бул парламенттин иштөөгө моралдык укугу жок. Буларды  таркатыш керек. Себеби, бир канча фракция башчысына козголгон кылмыш иштер бар.

 

- Текебаевдин камакта жатканына карабай, “ата-мекенчилер” президенттикке талапкер деген чечимин жарыялашты. Бул чечим, анын камактан чыгышына негиз боло алабы?

 

- Текебаевди “Ата Мекен” партиясы президенттикке талапкер деп жарыялашканы Текебаевди коргоонун бир формасы. Илгери Кадырбековду Бакиевдер камаганда шаардык кеңешке талапкер кылып каттатканбыз. Бирок, алар талапкер экенине карабай камактан чыгарбай коюшкан.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.