“Революцияга жалпы эл, тарых, мезгил  баа берет”

 

- Мээрбек Мискенбаев “Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар бирин жоопкерчиликке тартыш керек” деди. Ошондой эле “Текебаев революцияга шек келтирди” деп нааразы болду. Буга не дейсиз?

 

- Революциянын кадырын ким кетирип жатканына Мискенбаев экөөбүз эле баа бербесек керек. Жалпы эл, тарых, мезгил  баа берет. Башкача айтканда тарых таразалайт. Революциянын баркын ким кетирип, революциянын максаттарын ким тебелеп-тепсеп жатканын Атамбаев кызматтан кеткенде билинет. 

 

- Атамбаев өз сөзүндө “өзүм менен кошо бир топ саясатчыны алып кетейин деп жатам”- деди. Алар кимдер?

 

- Менимче өзүнө жакпаган Убактылуу өкмттүн мүчөлөрү болсо керек. Себеби, мага жеткен миш-миштерге караганда Атамбаев көп эле нерсени айтыптыр дешет. Бул сөздүн канчалык чын же калп экенин билбейм. Бирок, мындай маалыматты Атамбаев кабыл алган кишилер айтып жүрүшөт экен. Президент журналисттерди чыгарып жиберип, революционерлерди кабыл алып жатканда айткан имиш. Эгер мамлекеттин проблемасы  бизде эле болсо, Сегизбаевди  арыз жаза турган адамды издетип убаралантпай эле “бизди  кама”- деп өзүбүз эле барат элек. Бирок, ал сөз көчөдөгү сөз болгон үчүн анча ишене албай жатам.

 

- Путин келгенде дагы президент Текебаевге көбүрөөк токтолду. Президенттин Путинге “Кыргызстанда погоданы жалгыз мен жасап жатам”- таризинде отчёт бергениби?

 

- Ички маселелерди башка мамлекеттин президентине отчёт бергендей болуп айтып берген уят эле иш болду. Анткени, биз эгемендүү мамлекетпиз. Тескерисинче, Путинден мындай нерселерди жашырышыбыз керек эле. Путин кыраакы киши. “Кечээ эле экөөң 6 жыл мамлекетти башкардың эле”- деп президенттин Текебаевди жамандаганын жактырган деле жок. Тескерисинче мыйыгынан күлүп, шылдыңдап кетти. Атамбаевдин Путинге отчёт бергени - анын президенти  Путин болгондой, Алмаз Шаршенович анын  губернаторундай андан колдоо күткөндөй таасир калтырды.  Чынында мамлекетибиз кичинекей болсо да, Атамбаев Путиндей эле президент. Мамлекеттеги майда ички иштерди айтып даттанбай, мактанбай деле койсо болмок.  

 

Кандай болгон күндө да биз эгемендүү мамлекетпиз. Ошол эгемендүүлүгүбүздү сакташыбыз керек. Уйгурлардын АКШда качып жүргөн бир  лидери “Азимбек, силер бактылуу элсиңер. Мамлекетиңер бар. Ошону сактагыла. Жаман президент, жаман депутат келет, кетет. Мамлекет калат. Биз 50 миллион болсок да, мамлекетибиз жок”- деп ыйлайт. Ошон үчүн ал, бул дебей  мамлекетибизди сакташыбыз керек.

 

- Сапар Исаковдун президенттин аппарат башчысы болгону неден кабар берет?

 

- Медведевди коюп, кайра өзү президент болуп келгендей абалды Кыргызстанда да орнотом дегенден кабар берет. Себеби, Путин “өз кишиңди коюп турсаң, кайра өзүң келесиң”- деген акылды айткандыр. Ошон үчүн бөлүм башчыны аппарат башчы кылса керек.

 

“Саясатта 60 жаш жигит курак”

 

- Президент “премьер, спикер болбойм, саясаттан кетем” деди го. Ишенсек болобу?

 

- Мен Атамбаевдин саясаттан кетишин каалабайм. Саясатта 60 жаш жигит курак. Тескерисинче, тынч жол менен бийликти өткөрүп берип, Ельциндей тарыхта калышы керек. Атамбаев конституцияга өзгөртүү киргизип, экинчи мөөнөткө шайланууга барбай чоң бурулуш кылды. Эми мөөнөтүнүн аягына чейин туруп, тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бериши керек. Антпесе бийликти жакшы көргөн кыргыздар дагы тытышып калат. Эмне десек да  Атамбаевдин командасынан кимдир-бирөө президенттикке аттанат. Чыныбай чыгабы же Иса, балким Карамушкина чыгабы, аны убакыт көрсөтөт. Атамбаев саясаттан кетпей партиясынын башында болуп,  кааласа бир талапкер чыгарып, президенттикке аттанган талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп беришин талап кылышыбыз керек. Шайлоодо утуп чыкканын таанышыбыз керек. “Атамбаевдин адамы же анын партиясынан келбеши керек”- дегенибиз туура эмес. Анткени, Атамбаев деле башкалардай “саясатымды улантсам экен” деп аракет кылат да. Маселе Атамбаев мураскер чыгарганында эмес, аны Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн коёбу же Путиндин кызыкчылыгы үчүн коёбу дегенде. Чынын айтсам мен  ошондон чоочулап турам.

 

- “Үчүнчү революциянын карааны көрүнө баштады. Президент тизгинин тартпаса тарых кайталанат”- деп эскертүү бергендер да бар. Буга не дейсиз?

 

- Бизге үчүнчү революциянын кереги жок. Бизге жандүйнөнүн революциясы керек. Аны президент өзүнөн башташы керек. Анан ар кимибиз президенттин артынан ээрчишибиз керек. Тилекке каршы, жан дүйнөнүн революциясы болбой арыз таап, жасалма иш козгоп, өч алмай башталды. Бала-чакасына чейин асылганды адат кылып алышты. Ошон үчүн президент айкөлдүк кылып, башкаларга үлгү болушу керек. Биз ошондо гана оңолобуз.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №08 (286), 8-март 2017-жыл.