Бишкек, “Саясат.kg”. Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги ит-мышык абал баарына белгилүү.

 

“Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын депутаттары эл үчүн, шаар үчүн эмес, өздөрүнүн саясий гана кызыкчылыктарын ойлоп, шаарга кыйынчылык түзүп жатышат”,- деди бүгүн шаар мэри Салайдин Авазов журналисттерге.

 

Анын айтымында, бүгүн 10-мартта болуучу депутаттардын шаардык кеңешинин сессия жогорудагы аталган фракциялардын депутаттарынын сессияга келбей коюшунан улам болбой калды. Буга чейин да эки-үч жолу сессия ушундай эле себеп менен болбой калган.

 

- Депутаттар шайланарда элге көп убадаларды беришкен, силер үчүн, шаар үчүн иштейбиз дешкен. Бирок, мандат алышкан соң, дароо өздөрүнүн кууш саясий амбициясына өтүштү. Аларга шаардын мэринин жана шаар кеңешинин төрагасынын, муниципалдык кызматтардын креслосу гана керек экен. Азыр бизде тезинен ишке ашырылуучу көп долбоорлор шаар бюджети бекитилбеген себептүү токтоп турат. Мисалы, Ленин – Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги 22 миллион сомдук жер астынан өткөөл жасоо долбоору тезинен башталышы керек эле, аргасыз токтоп турабыз. Андан башка да бир нече миллиард сомдук долбоорлор бекитилсе, биз быйыл эле түз инвестицияларды алып келмекпиз, - дейт ал.

 

Эскерте кетсек, шаардык кеңешке болуп өткөн шайлоолордо “Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП партиялары мандатка ээ болушкан.

 

Кептин чындыгы башкада. Адегенде “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары “Биримдик” көпчүлүк коалициясын түзгөн болчу. Бирок, буга ыраазы болбогон бийликтин КСДП партиясы менен “клон” партия “Кыргызстан” сессияга келбей, шаардык кеңештин ишин үзгүлтүккө учураткан. Анан булар “Республика – Ата Журт” менен соодалашып жатып, аны коалициядан чыгууга макул кылдырышкан. Эгер эл үчүн иштөө тилеги болсо, анда эмне булар башында сессияга келбей коюшту? Анткени, бийлик Жалал-Абад шаарынын мэри жана спикерлик кызматка өз адамын коюушу керек. Мисалы, ошол Салайдин Авазов мэр бойдон калышы абзел. Дал ошондуктан, өкүмзордук менен түзүлгөн коалицияны ыдыратып, баарын өз ырына бийге түшүрүүгө аракет жасашууда. Мындай саясаттын келечеги жок. Эл азыр жергиликтүү КСДП, “Кыргызстан”, “РАЖдын” сатылма депутаттарына “чыйт” түкүрүп, “экинчи буларды шайлабайбыз” деп атат. Ушунун баарын билбейт дейсизби Салайдин? Билет, эми түшүнөн ойгонгонсуп былжыраганына баракелде!

 

КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” партиялары 18 добуш менен “Ынтымак” көпчүлүк коалициясын түзүшкөн. Бирок, коалициядагы депутаттардын добушу 21ге жетпеген себептүү шаардык кеңештин төрагасын, шаар мэрин шайлоого буларда мүмкүнчүлүк жок. Жалпысынан шаардык кеңеште 31 депутаттык мандат бар.