Туура 15 жыл мурда, тагыраагы, 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылынын тушунда эл депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына жана Үзөңгү-Кууштагы 90 гектардан ашык жерибиздин Кытайга берилип кетишине каршылык билдирип чыккан элге карата ок атылган. 6 адам каза таап, ондогон адамдар жарадар болгон. Бул окуя орун алган күндөн баштап, Акаев бийлигинин кетер күнү жакындап жүрүп олтуруп, акыры 2005-жылдын 25-мартында авторитардык бийлик кулатылган.

 

Мына ошол күнкү окуяларды, анын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылынын демилгеси менен Аксы районунун Кара-Суу айылында 17-март күнү (Аксы окуясына арнап салынган музейдин жанында) “Аксы окуясына 15 жыл...   Бийлик сабак алдыбы?” – деген аталышта өтөт. “2002-жылы кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык  башкарууга каршы күрөшкөн аксылыктарды колдоп, активдүү салым кошушкан Кыргызстандын бардык саясий партияларын, коомдук жана бейөкмөт уюмдарды, коомдук жана саясий ишмерлерди, “Аксы окуясынын” катышуучуларын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик өкүлдөрүн эскерүү жыйынына келип катышууга чакырабыз”,- дешет уюштуруучулар. “Андан сырткары бийлик менен сүйлөшүлүп, Аксы окуясынын 15 жылдыгы боюнча эскерүү жыйындарын өлкөбүздүн башка аймактарында, борбор шаарыбыз Бишкекте да өткөрүү пландаштырылууда”,  деп кошумчалады Азимбек Бекназаров.

 

Анткен менен, белгилеп кете турган жери – иш-чарада сөзсүз саясат тууралуу сөз болору турган иш да. Анан кантип аксылыктар азыркы бийликке: “Аксы окуясынан сабак албай, чындыкты сүйлөгөндүн баарын камап жатасың!”- деп эскертпесин!

 

2017-жылдын 17-мартында  Аксы районунун  Кара-Суу айылында “Аксы окуясына 15 жыл...   Бийлик сабак алдыбы?” деген темада  өтө турган эскерүү жыйынынын күн тартиби:

 

9.00: Аксы районунун Боспиек айылындагы шейит-мазарда куран окуу;

 

11.00: Аксы районунун Кара-Суу айылындагы  “Аксы окуясынын” музейинде эскерүү    жыйыны;

 

13.00: “Аксы окуясынын” шейиттерине Кара-Суу айылындагы “Аксы” тойканасында куран окутуу.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.