Урматтуу мекендештер,

 

Урматтуу саясий партиялардын, укук коргоо жана коомдук уюмдардын лидерлери,

 

Урматтуу Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары!

 

2017-жылдын 6-мартында, президент А.Атамбаев сыйлык тапшыруу учурунда мамлекет башчысы оозуна албай турган сөздөр менен дагы бир ирет “Ата Мекен” саясий партиясын кордоду. Этикага жана президенттин статусуна туура келбеген сөздөр А.Атамбаев тарабынан мурда да бир гана “Ата Мекен” партиясына эмес, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол”, "Кыргызстан”, “Республика - Ата-Журт” партияларынын дарегине да айтылган.

 

Адаттагыдай эле, президент А.Атамбаевдин кеби саясатчыларга, саясий партияларга, парламентке, жарандык коомдун өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, айрым жарандарга карата жалган далилсиз ярлыктарды жана адепсиз аттарды жабыштырганын ачыкка чыгарды. А.Атамбаев тарабынан эң эле орой эпитеттердин, түрмө сленгинин колдонулушунун өзү, анын кебиндеги агрессиялык тон президенттин чындыкты туура кабыл алуу жөндөмүнө олуттуу шек жаратат.

 

Анын бул кезектеги сөзү президент Атамбаев саясий оппоненттер менен эсептешүү үчүн өзүнө берилген бийликти пайдаланып жатканын, кысым бир гана “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнө эмес, башка саясий ишмерлерге да президент Атамбаев тарабынан уюштурулуп жатканын бекемдеди. Анын тапшырмасы менен кылмыш иштер даярдалып, жарандык активисттерге басым көрсөтүлүп, сөз эркиндигин тумчуктурган ченемдер демилгеленип жатат. Бул аракеттер жакпаган адамдарды жок кылуу, коомчулукту коркутуу жана боло турган шайлоодогу анын мураскоруна жолду тазалоо үчүн жасалууда.

 

Кыргызстандын жарандары өзүнүн президентинен коомду бөлүп-жарууга жана саясий оппоненттерди маскаралоого эмес, тескерисинче улуттук ынтымакты бекемдөөчү конструктивдүү жана татыктуу диалогго багытталган аракеттерин жана сөздөрүн күтүүгө, ал турсун талап кылууга укуктуу.

 

А.Атамбаев мамлекет башчысы болуп турган беш жыл ичинде элдин биримдигин бекемдей алган жок, региондор аралык, этностор аралык, диндер ортосундагы, социалдык карама-каршылыктарды жеңе алган жок, ал турсун жумшарта алган жок, өлкөнү бутка тургузуу жана өнүктүрүү үчүн бардык саясий күчтөрдү бириктире алган жок.  А.Атамбаев Кыргызстандын бардык калкынын президенти боло алган жок. 

 

А.Атамбаевдин акыркы эл алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрү анын президенттиктен кетери аргасыз экенин өтө оор азап менен кабыл алып жаткандай жана өзүнүн, жакын адамдарынын жасаган иштери үчүн келечектеги жоопкерчиликтен коркуп жаткандай таасир берет. Дал ушу аны күтүлбөгөн сөздөргө жана аракеттерге түртүп жатат. Бул шарттарда кыска убакыт ичинде мамлекет башчысынын ден соолугунун абалын аныктоо үчүн көз карандысыз адистерден турган врачтык комиссия түзүү зарыл деп эсептейбиз. Өлкө азыркы президенттин фобияларынын барымтасында калбаш керек.

 

Урматтуу мекендештер,

 

“Ата Мекен” партиясы татыктуу тарыхка ээ, партияга болгон жөнү жок асылууларды анын ар бир мүчөсүнө жана тарапташына болгон асылуу, шылдың катары кабыл алабыз, биз ар бирибиздин кадыр-баркыбызды сактап калууга чечкиндүү кадамдарга барабыз. Президент Атамбаев өзүнүн сөздөрү үчүн жооп бериши керек жана “Ата Мекен” партиясы мындай жоопкерчиликке сөзсүз жетишет.

 

“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши