Башпрокурор Индира Жолдубаева “Ата Мекендин” юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакуновадан 10 млн., “Азаттык” үналгысынан 10 млн., “Zanoza” сайтынан 3 миллион сом моралдык чыгым катары өндүрүп берүүнү соттон суранды.

 

Башкы көзөмөл органынын сотко кайрылуусуна “Ата Мекен” партиясынын юристтеринин басма сөз жыйынында айтылган маалыматтар себеп болгон. “АКИпресс” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында, партиянын аты аталган юристтери Текебаевдин камалышы – Дача СУ айылында кулаган учактагы жүк боюнча баш “ата-мекенчи” тапкан документтерге байланыштуу болгонун билдиришкен. Ал документтерге ылайык, кулаган учактагы жүк президент Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык экени айтылган.

 

Сот процесси 16-мартта Октябрь райондук сотунда өтөт.