Өткөн жумада парламент депутаттары, болгондо да бийликтин КСДП фракциясынын көздөй депутаттары саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди “Кызматтан кет эле кет”,- деп ур-тепкиге алып киришти.  Көрсө, бул тармактагы реформалар алдыга жылбай, коррупция жоюлбай, дары-дармек сатуу медиктердин бизнесине айланып кетиптир. Бирок добушка салганда айрым депутаттар министрди колдоп кетип, аз жерден отставкага кетирүүгө добуш жетпей калды. Көрсө, ошол Т.Батыралиевди таламайга алган депутаттар саламаттык сактоо тармагынын көйгөйүнө эмес, жеке өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жаны кейип жатыптыр. Анткени өзүнө чейин эле коррупция гүлдөп, жети баштуу ажыдаарга айланып кеткен айрым медиктерди кызматтан кетирип, коррупциялык булагын бууп койгондугу үчүн алар депутаттарга арызданып, министрдин өзүн ээрден оодарууга жандалбастап аткан кербези экен. Баса, Талантбек мырза айрым министрлерге окшоп жердешчилик, пара берүү аркылуу кызматка келген эмес. Аны Түркияда абройлуу бир клиникада иштеп жаткан жеринен өлкө башчы өзү чакырып келген. Сыягы, медицинасы аябай өскөн, дүйнөлүк деңгээлдеги бул мамлекеттин алдыңкы жактарын бизге да колдонсун десе керек. Азыр Бишкекте Түркия тарабынан бекер курулуп жаткан медициналык мекемелерге деле Т.Батыралиевдин салымы бар экендигин аны кызматтан кетиргиси келген “чөөлөр” билип койгону ашыкча болбос.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.