Бүгүнкү билдирүүсүндө “ата-мекенчилер” президент Атамбаевдин 6-марттагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөздөрү коомдогу саясий жана психологиялык абалды огобетер курчутууга алып келерин эскертип, Атамбаев кеткенден кийин жасаган иштери үчүн жоопкерчилик тартып калуу коркунучунан улам алдын-ала божомолдой албай турган кадамдарга барып жатканын айтууда. “Ушул коркунучтан улам Атамбаевдин акыл-эси өчүп, ал өлкөдөгү стабилдүүлүккө жарака кетирүүдө. Биздин партия эмес, Атамбаев өлкөдөгү стабилдүүлүктүн бузулушунун детонатору болууда”,- делет кайрылууда.

 

 “Ата Мекен” сот чечими чыкканга чейин адамды күнөөлөөгө президентке да мыйзам укук бербестигин эске салды. Алардын айтымында, партиянын камактагы лидерлеринин президент тарабынан “мародер” аталышы – саясий куугунтуктун жеткен чеги. “Ушундан улам, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү жана башка саясатчыларга саясий куугунтук президент Атамбаевдин жетекчилигинде жүзөгө ашырылып жатканын айтууга болот. Ошондуктан, өздөрүнө жакпаган адамдарды жок кылуу, коомчулукту коркутуу жана саясий талааны мураскер үчүн тазалоо максатында кылмыш иштери козголуп жатат”,- дешет “ата-мекенчилер”.

 

“Революцияны жалгыз мен жасагам”,- деген Атамбаевдин сөзүнө жооп кылып, “ата-мекенчилер”: “Ала-Тоо аянтында жана Ак үйдүн дарбазасынын жанында адамдар эмне үчүн кан төктү эле? Эмне, алар Атамбаевдин Максим Бакиевдин жеринде өзүнө Хансарай курушу үчүн курман болушканбы”- дешти.

  

Ушуларды эске алуу менен, “Ата Мекен” партиясы Атамбаевди акыл-эсинен адашкан адам катары эсептеп, анын ден-соолугун текшерүү максатында көз карандысыз адистерден турган медициналык комиссия түзүүнү сунуш кылууда.