Бишкекте өткөн саммитте Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев "уюм ыктыярдуу түзүлгөн, ошондуктан эч кимди мажбурлап кармап турган жокпуз" деди. Медведев эки тараптуу мамилелерди териштирген учурлар болуп келгенин жана боло берерин белгилеп, бирок интеграциялык жараян улуттук кызыкчылыктардан жогору турушу керектигин айтты.

 

“Силер таасир этпесеңер, биз эч нерсеге кол койбойбуз” деп шарт коюу шантажга барабар. Биз баарыбызга бирдей тиешелүү маселелерди карап жаткан соң баарыбыз тең аны ишке ашырууга аракет кылышыбыз керек” деди Медведев.

 

Дмитрий Медведев акыркы эки жылда Орусиянын базарлары биримдикке мүчө өлкөлөр үчүн кеңири ачылганын белгилеп, айрым өлкөлөр эгер биримдикке мүчө болбосо, газды Европа баасынан да кымбат сатып алышмактыгын белгиледи. 

 

"Азаттык"