Партиянын катчылыгынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде “Ата Мекен” партиясын “сасык”, ал эми партиянын лидерин “мародер” деп атаган. "Атамекенчилер" мамлекет башчынын сөздөрүн “мазактоо, кордоо” деп эсептешет.

 

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, партия президенттен кечирим да талап кылбайт, намысын акчага да баалабайт:

 

- Биз соттон президент Атамбаевди 6-мартта партиянын дарегине карата айткан сөздөрүн төгүнгө чыгарууга мажбурлап берүүсүн гана өтүнүп жатабыз. Президент Атамбаев сөзүндөгү он учур боюнча жооп берсин деп жатабыз.

“Ата Мекен” партиясынын юристтери доо арызды президенттин катталган дарегине ылайык Ленин райондук сотуна беришти.

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 6-мартта мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде оппозициялык партияны, анын лидерин, парламент депутаттарын сындап, парламент “ушак тараткан жайга” айланып баратканын, Жогорку Кеңешти таратуу тууралуу пикирлерди колдорун билдирген.

 

"Азаттык"