Коомдук-саясий ишмерлерден түзүлгөн Улуттук кеңеш президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевди ымалага чакырды. Алар учурдагы кырдаалды эске алып Текебаевди үй камагына чыгарууну сунуштап жатат.

 

Деген менен убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы чырды токтотууга кеч болуп калганын, андыктан эки саясатчыны элдештирүү максаты ишке ашпайт деген ойдо.

 

Интеллигенциянын, маданияттын, илимдин өкүлдөрүнөн жана ишкерлерден түзүлгөн Улуттук кеңеш президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Алар мамлекет башчыга өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчуп кетүүсүн алдын алуу үчүн оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгарууну сунушташты. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөсү, профессор, публицист Осмонакун Ибраимов кабарлады:

 

— Экөөнүн ортосундагы чатак былтыр жай айынан бери уланып келетат. Андыктан экөөнү кепке келтирип, жок дегенде Текебаевди үй камагына чыгарууну айтып атабыз. Бул боюнча биздин пикирибиз президент тарапка жөнөтүлгөн. Азыр жообун күтүп атабыз. Муну президент өзү дагы ойлонуштуруп атат көрүнөт. Улуттук кеңеш мына ушундай учурларда калыс болуп, пайдасы тийип калса жакшы болот эле да.

 

Улуттук кеңиштин курамында кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев, мурдагы премьер-министр Турсунбек  Чыңгышев, акедемик Миталип Мамытов жана «Дордой» ассоциациясынын директору, ишкер Аскар Салымбеков сындуу адамдар бар. Аталган уюм бийлик менен оппозициянын ортосундагы чыңалууну басаңдатып, бийликке каршы чыккан саясатчыларга иш козгоолорду токтотууну сунуштап жатат. Эки чоң саясатчынын ынтымакка келишин коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков дагы колдогон эле:

 

— Экөө тең белгилүү саясатчылар, алардын жасаган кадамдары Кыргызстандын келечектеги жана азыркы турмушуна таасир этет. Экөөнүн бирөөсү биринчи кол сунуп, эрктүүлүгүн көрсөтсө өлкөнүн келечегин ойлогон болмок. Алардын кепке келбей тирешип турганы кыйын болуп калды.

 

Президент менен «Ата Мекен» партиясынын ортосундагы тиреш Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен кийин башталды. 2016-жылдын 31-августунда Атамбаевдин Ала-Тоо аянтында убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө айткан сыны оппозиция менен бийликтин ортосундагы компроматтык күрөштүн күчөшүнө алып келди.

 

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Текебаев менен Атамбаевди элдештирүүгө кеч болуп калганын айтып, Улуттук кеңиштин аракетинен майнап чыкпаарын белгиледи:

 

— Улуттук кеңештин түзүлгөнү жакшы, бирок ал кечигип түзүлдү. Ушундай аксакалдарыбыз, интеллигенциябыз буга чейин эле Келдибеков, Ташиевге иш козголгондо эле «токтоткула!» деп чыгышы керек болчу. Бүгүн эми Текебаевге иш козголуп, тергөө жүрүп жатканда жарашуу болбойт. Ал иш сотко өтүп сот чечим чыгарыш керек. Текебаев жөнөкөй эле көчөдө жүргөн адам эмес ал, белгилүү инсан. Ошондуктан аны үй камагына чыгаруу зарыл. Эгер мындан башка талаптар болсо эл «ушинтип беш аксакал чыкса эле, кылмыш иши жабылып калат экен» деп чыгат. Ал эми бошотуу боюнча ага Текебаев өзү деле каршы болот. Ал айтат «иш козгодуңбу аягына чыгар. Мени акта» деп.

 

Бекназаров эки саясатчынын эрегиши туууралуу пикирин айтып жатып президент менен депутаттын ортосундагы талаш-тартыш бийлик бөлүштүрүүдөн улам келип чыкты деген оюн билдирди:

 

— Текебаев менен Атамбаевдин ортосундагы чыр боюнча менин позициям белгилүү да. Экөөнүн урушуп жатканына алты эле ай болду. Ага чейин бийликте экөө отуруп, каалаганын жасашты. Мисалы былтыркы жылдын августуна чейин алар каалаган министрин алмаштырып, каалаган прокурорун коюшту. Саясатчыларга иш козгошту.

 

Башкы прокуратура парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын үч депутатына удаасы менен иш козгоду. Аида Саляновага юстиция министри болуп турганда кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген айып тагылып жатса, Алмамбет Шыкмаматов Эсептөө палатасына кызматтык автоунаа сатып алууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталууда.

 

Ал эми Өмүрбек Текебаевге «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кине коюлуп, 26-февралда УКМК тарабынан камакка алынган. Биринчи Май райондук соту 27-февралда Текебаевдин баш коргоо чарасын карап аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

 

Булак: "Марал"