“Ата Мекен” партиясынын юристи Өмүрбек Текебаев Кипрге болгон сапарында Дача СУ айылындагы авиакырсыкка байланыштуу маанилүү маалымат тийгенин айтып чыкты. Укук коргоо органдары Текебаевди чукул аэропорттон кармаганы да ушул документтерге байланыштуу экени белгиленди. Бул тууралуу Текебаев өзү, абактан коомчулукка жазган катында да тастыктады. Ошондой эле ал депутаттык комиссияга баардык документтерди өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Бирок, Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчилигине таянып, ал маалыматты четке какты. Мына ушул теманын алкагында, юстициянын 3-класстагы мамлекетик кеңешчиси,  генерал-майор Мукар Чолпонбаев менен маектештик.

 

- Бул иш аягына чейин ачык айкын иликтенерине ишеним артсак болобу?

 

- Негизи ал документтер менен тааныша алган жокмун. Бирок, “Текебаевди документтерди алып келе жаткан жеринен кармады” деген жалаа сыяктуу болуп жатат. Анткени ал жөн эле бир саясатчы эмес жана саясат айдыңында бүгүн эле жүрүп жаткан жок. Ал өзүн кармап кетерин билип туруп, андай документтерди жанына салып келмек эмес. Медет Садыркуловду да келе жатканда жолдон өлтүрүп коюшканы элдин эсинен чыга элек. Ошондуктан, андай документтер чындап бар болсо, Текебаев башка жолдор менен өзүнөн мурун же кийин документтерди жеткизип коюшу мүмкүн.

 

- Бүгүн ТИМ Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылуу жасап,  учактагы жүк боюнча документтерди жасалма экенин айтты. Элчи Метин Кылычтын маалыматы боюнча, Түркиянын атайын кызматы өзүнүн энбелгиси басылган жашыруун документтерди эч кимге бербейт экен. Текебаевдин аталган документтерди алууга мүмкүнчүлүгү барбы? Эл арлык практикада бул маселе кандай каралат?

 

- Азыр кесе айтуу кыйын. Бирок, Өмүрбек Текебаев АКШ менен байланыштары бар экенин баарыбыз эле жакшы билебиз. Балким ошол каналдарды колдонгондур. Ал эми Түркия Текебаевдин өзүнө андай документтерди бериши мүмкүн эмес.

 

- Документ жасалма экени да айтылууда.

 

- Андай да болушу ыктымал. Азыр документти дыкат иликтеп чыгыш абзел. Аны жасалма же жасалма эместигин аныктоочу органдар бар.

 

- Азыр Текебаевдин тараптааштары тергөө бийликтин колунда экенин айтып, ишеним көрсөтпөй жатышат. Бул ишти көз карандысыз иликтөөгө алса болобу?

 

- Албетте болот. Азыр депутаттык комиссияда бардык партиянын мүчөлөрү бар. Ошолор аркылуу карап көрүүгө мүмкүн. Ошондой эле бизде техникалык, графикалык эксперттер жетиштүү. Алар документтин жасалма же анык экенин тактап бере алышат. Мындан тышкары ошол документерди берген тарапка кайрылуу жөнөтүп, чындап берилген же жоктугун тастыктап алса болот. Анан баары баягы “Белизгейттей” болуп ачыкка чыгып калат.

Булак: “Марал”