Укук коргоочу Турсунбек Акун кечээ, 6-мартта кыргыз элина кайрылуу жасады. Анда ал учурдагы саясий кырдаалдын курч экенин айтып, бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешүүсү элди экиге бөлүп, Кыргыз бийлиги демократиялык жолдон четтеп, эркин көз караштагы саясатчыларды саясий куугунтуктоого багыт алганына токтолгон.

 

Турсунбек Акун элге кайрылуусунда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн жана оппозициянын өкүлү депутат Өмүрбек  Текебаевдин камалышы менен  коомубуздагы саясий абал жетчү чегине жетип, абал өтө коркунучтуу жагына оой баштаганын айтат.

 

Ошондуктан укук коргоочу азыркы түзүлгөн саясий абалга  кайдыгер карабаган атуулдарды  президент  Атамбаевге кайрылып, Текебаев баштаган камактагы оппозициялык көз караштагы лидерлердин чыгарылышын талап кылышын суранган. Турсунбек Акундун ишениминде ошондо гана өлкөдө тынчтык орноп, саясий тирешүү тынчып,  стабилдүүлүк кайрадан орнойт.

 

Укук коргоочу билдиргендей, ушундай аракеттер менен өлкөнү түрдүү ыңкылаптардан жана башаламандыктан сактап,  жүздөгөн  же  миңдеген адамдардын коопсуздугун камсыз кылып,  адам өлүмүнө алып келе турган опурталдуу окуялардын алдын алууга болот.

 

Булак: "Марал"