Жолугушууга фракция лидерлери Чыныбай Турсунбеков (КСДП), Бакыт Төрөбаев (“Өнүгүү”), Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”) жана Алтынбек Сулайманов (“Бир Бол”) катышкан.

 

“Бир топ сөздөрдү сүйлөшүп, жай сурашкандан кийин Өмүке депутаттарды карап тамаша аралаштыра: “Тигил Иса Өмүркулов менен Бабанов кайда жүрүшөт? Ошлор келип, бул жакты көрүп кетишсе болмок, кийин өзүлөрүнө эле пайда болмок эле да…”- деп коёт дейт күлүп. Баргандар Өмүкенин духуна, анын кайратынан, тамашалуу кептерине таң беришип, кайтышыптыр. Айтмакчы жолугушууда Өмүрбек Текебаев: “Мен акмын, сынбайм, булардын иши бүттү!”- дептир”- деп жазды текебаевчил “Чындык” сайты.