Бишкек, “Саясат.kg”. Туура 15 жыл мурда, тагыраагы, 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылынын тушунда эл депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына жана Үзөңгү-Кууштагы 90 гектардан ашык жерибиздин Кытайга берилип кетишине каршылык билдирип чыккан элге карата ок атылган. 6 адам каза таап, ондогон адамдар жарадар болгон. Бул окуя орун алган күндөн баштап, Акаев бийлигинин кетер күнү жакындап жүрүп олтуруп, акыры 2005-жылдын 25-мартында авторитардык бийлик кулатылган.

 

Мына ошол күнкү окуяларды, анын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылынын демилгеси менен Аксы районунун Кара-Суу айылдында (Аксы окуясына арнап салынган музейдин жанында) өтөт. Коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун айтымында, аталган жыйынга Кыргызстандын бийлик жетекчилери, саясий партия лидерлери чакырылган. “Андан сырткары бийлик менен сүйлөшүлүп, Аксы окуясынын 15 жылдыгы боюнча эскерүү жыйындарын өлкөбүздүн башка аймактарында, борбор шаарыбыз Бишкекте да өткөрүү пландаштырылууда”,  деп кошумчалады Азимбек Бекназаров.

 

Анткен менен, белгилеп кете турган жери – иш-чарада сөзсүз саясат тууралуу сөз болору турган иш да. Анан кантип аксылыктар азыркы бийликке: “Аксы окуясынан сабак албай, чындыкты сүйлөгөндүн баарын камап жатасың!”- деп эскертпесин!