Урматтуу Президент! Жакында каргашалуу Аксы окуясына 15 жыл болот. Аксы окуясы эмнеден чыкканын билген инсан катары жыл сайын Аксыга барып жабырлануучуларга жакындан моралдык жана материалдык жардам көрсөтүп келесиз. Быйыл да ошентериңизге күмөнүм  жок. Аксы окуясы ошондогу Президент А.Акаев менен депутат А.Бекназаровдун кыргыз жери үчүн келишпес эрегишүүсүнөн чыкпады беле? Ошондо да Акаевдин командасы "Бекназаровду үй камагына чыгарып алып тергей бергилечи"- деген Аксылыктарды, алардын жактоочуларын укпай акыры кан төгүлгөн. Ошондо да Бекназаровго каршы 7 жыл мурдагы окуя боюнча арыз жаздырышкан? Азыркы Текебаевдин камакка алынышы экинчи Аксы окуясына алып келбейби? Анткени, окшоштуктар өтө көп. Бийликтин Аксы окуясынан сабак алганы ушубу? Менин айтайын дегеним башка. Акыркы жылдары өнөкөткө айланып бараткан тергөө органдарынын иши жөнүндө.

 

Урматтуу Президент! Азыр Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармалуучу жайы илгерки Кокон ханынын зындан оросуна окшоп калды. Убактылуу кармалуучу жайда негизинен эки топ жатат. Биринчи топ; Б.Талгарбеков, Д.Сарыгулов, Б.Асанов, К.Кадыров жана башка. Президент Атамбаевди "кетиребиз" "басып алабыз" дегендер. Эми аларга Текебаевдин тобу кошулду. Булардын үстүнөн  козголгон кылмыш иштер конкуреттүү, реалдуу аракеттери үчүн эмес, болгону "тигил айтты" "бул айтты" "минтип сүйлөдү" деген ушактын деңгээлиндеги жэ чайханада, көчөдө сүйлөшүлгөн көчө же ашка тойгондогу "дабдыр сөздөргө" негизделип, эң башкысы убактылуу, сизге "кызмат кылып жатабыз" деген максат менен гана жасалма козголгон. Эгер булар соттолушса "за базар" үчүн гана соттолгон болот.

 

Түпкүлүгүндө залакасы Президент Атамбаевге гана тийет, Акаевге тийгендей. Экинчи топко "диний экстремист" "террористер" катары камалышкан жаш кыргыз мусулмандары кирет. Аларга ата-бабаларыбыздан келе жаткан салттуу мусулманчылыктын жолу мындай, сен адашпа"-деп туура жолду көрсөткөндүн оордуна "отчеттуулук" үчүн жасалма документтер менен, кээде бир эле барак менен кармалып соттолуп жатышат. Мындай жол менен жүрүп олтурсак мамлекетибизди, түпкүлүгундө улутубузду соолутуп койбойбузбу? Дагы бир жаңы факты 20 жылдан бери Айдар Акаевдин, Максим Бакиевдин эми башкалардын көзүн кызартып келген "Мегакомду" 51% акциясы боюнча да УКМКнын тергөөчүлөрү таптакыр туура эмес жолдо баратышат. Анын кесепетинен Жогорку Кеңеште, коомчулукта "51% акция эмне үчүн улутташтырылбай калган деген "ложный" пикир жаралууда. Алар "эмне үчүн бирөөнүн жеке менчигиндеги акцияны (51%) менчик ээсинин макулдугусуз улутташтырыш керек эле” деп өздөрүнө туура суроо беришпейт ? Убактылуу Өкмөт рейдерлик кылган жок. Конституцияга, мыйзамга ылайык өз ыктыяры менен берген 49% акцияны улутташтырган. Ошол эле учурда калган 51% акцияны талашкандар сот аркылуу чечип алсын деп кылмыш иштин алкагында арест салып, соттук териштирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Балээнин баары ошол иш 2011-жылдан ушул күнгө чейин каралбай жаткандыгында болуп жатпайбы? Ким каратпай жатат, жаны Айдар жаны Максимдерби? Урматтуу Президент сиз ушул суроолорго жооп табууга аракет жасасаңыз "Мегакомдун" 20 жылдык ыр-чырына чекит койгон болот элениз. Акырында, Урматту Президент, чейрек кылым мезгил ичинде Сиз жана Текебаев менен саясатта үзөңгүлөш жүргөн адам катары сизден Ө.Текебаевдин жана Д.Чотоновдун бөгөт коюу чарасын камакка байланышпаган турүнө өзгөртүүгө көрсөтүүнүнү моюнума камчы салып суранамын. 6-7 жыл мурда болгон экен деген күмөндүү бироолордун оозеки ккөрсөтмөлөрү менен гана адамды камакта кармоо жетишсиз далил болот. Акыркы 7 жыл ичинде менин сизге, Текебаевге болгон мамилем жалпы коомчулукка белгилүү. 2010-жылдын 7-апрелинен 2016-жылдын август айына чейин Атамбаев Текебаев тандеми өлкөдөгү баардык бийлик менен байлыктын, саясаттын ээси болуп келдиңер. Бүгүн экөөңордүн ортоңордогу эрегишүүдөн Президент катары сиз да, Текебаев да эч нерсе утпайсыздар. "Эрегиштен эр өлөт"-дейт кыргызда.

 

Ортодо элибиздин ыркы солгундап, Кыргызстанда саясий туруктуулук бузулуп, үчүнчү күчтөр пайдаланып, Текебаев менен Чотоновдун үй бүлөөсү, жакындары азап чегишет. Кынтыксыз, жетишээрлик далилдер менен кармалышса да "мейли, өз кылгандарын өз моюндары менен тартышсын"-деп чыдоого болот эле. Бирок күмөндүү, ушак, жалаа деңгээлиндеги фактылар менен эле камакка алуу адилетсизсик. "Султан сөөгүн кордобойт"-дейт. Султандык, айкөлдүк, адилеттүүлүк кылып, эски үзөңгүлөштөрүңүздү  үй камагына чыгарып кюңуузду өтүнөм. Алар да кыргыздын белгилуу инсандары, нечендеген кыл чайнашкан мезгилдерде сиз менен катар турушкан. Алар тергөөгө тоскоол болбойт. Тергөөгө, сотко өз убагында келип турушат. Бул билдирүүнү мен эч ким менен кеңешпей жеке позициям катары жарыяладым.

2010-жылдын 7-апрелинен 2016-жылдын август айына чейин экөөңөр тандемдеш болуп келдиниздер. Ушул аралыкта болгон кемчиликтер үчүн экөөңөр бирдей жоопкерсиңер.

 

Сизди терең урматтоом менен,

 Азимбек Бекназаров