Бишкек, “Саясат.kg”.  УКМКнын тергөө абагына камалган Жогоку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы экс-элчиси Дүйшөнкул Чотоновдун кичи Мекени – Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылында кыштактын тургундары нааразычылык акциясын башташты.

         

Маалыматтарга караганда, акцияга чогулгандар Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин жана анын жакын санаалашы Дүйшөнкул Чотоновдун эркиндикке токстоосуз бошотулушун талап кылып жатышат. Бул багытта күрөш жүргүзүү максатында Чотоновду коргоо комитети түзүлдү

        

Баса, Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаевге жана анын санаалаштарына орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде Кыргызстандын Кылмыш-Жаза Кодеснин 303-беренесинин 1-бөлүмү (жемкорлук), 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Буга ылайык Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү Бишкектеги эл аралык «Манас» аэропортунан кармалып, түз эле УКМКНын тергөө абагына  киргизилген. Бул кылмыш ишинин алкагында Дүйшөнкул Чотонов дагы 26-февралда камакка алынган. Сот экөөн тең 2 айга камакка калтырган чечимин да токууга үлгүргөн.

 

Алишер Токсонбаев,

өз кабарчыбыз