- Текебаевге карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугуна ишенесизби?

 

- Текебаевге кайдагы бир адамдын берген көрсөтмөсү менен иш козгошту. Эгер андай болсо, неге Атамбаевге Кыргызстанды 15 жыл башкарган Акаевдин: “Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 миллион рублди алып кеткен” дегени боюнча кылмыш ишин козгобойт? Адилеттүүлүк керек, баарына бирдей мамиле кылбайлыбы? Оппоненттерге карата мамлекеттик машинаны, колдогу куралду пайдалана берүүнүн аягы эмне болоорунан эбак сабак алыш керек эле.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити