- Текебаевдин камалышы кайсыл маселеде кооптуулукту жаратты?

 

- Биринчиден, Текебаевдин кармалышы жогору жактагылардын бийликти узурпациялап, мыйзамды уруп-ойнобой өзүм билемдикке салып жатканын далилдейт. Чынында бизде мыйзамды жогору жактагылар эмес, карапайым эл эле сактабаса президент, УКМКнын башчысы, ИИМдин жетекчиси, Илим Карыпбековго окшогондордун бири да биздин мыйзамды сактабасын, сыйлабасын дагы бир ирет көрдүк.

 

Батукаевди кызыл килем төшөп, аэропортко чейин узатып, чартер рейс менен жөнөткөн бийлик бүгүн Текебаевди эл аралык террорист келе жаткандай тосуп, адам укугун жана баш мыйзам тургай процессуалдык мыйзамдарды бузду. Биз “жаңы муун” кыймылы Текебаев үчүн эмес, мыйзамдарды тебелеп-тепсеп жатканына каршы чыгып жатабыз. Текебаев күнөөлүү болсо, мыйзам иретинде суракка чакырып, жазага тарта берсин. Бирок, антпей аша чаап  бийликти атасынан калган тактай көрүп, мыйзамдарды тебелеп, депутаттарды , журналисттерди камап бийик күч органдарын каалагандай колдонуп, мыйзамды одоно бузуп жатышат.

 

Россиянын али белгисиз жана күмөндүү жаранынын интернет аркылуу берген интервьюсунун негизинде иш козгоп жатат. Эмне үчүн Аскар Акаевдин айтканы боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголбойт? Аскар Акаев жазуучуларга деген 50 миллион рублди Атамбаев алып, жазуучуларга бербей койгон дегени боюнча неге иш козгошпойт? Бул жерде эл аралык аферисттин айтканы боюнча кылмыш иш козгоп, Кыргызстандын экс-президенти айткан ишти көз жаздымда калтырабызбы? Мыйзамды бир тараптуу өз оппоненттерине каршы гана негизде колдонуп жатканы үчүн бийликке нааразычылыгыбызды билдирип жатабыз.

 

- Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарышы мүмкүнбү?

 

- Текебаев чыгарылаар, чыгарылбасын билбейм. Бирок, эл арасында нааразычылыктар да өз апогейине жетип, жарылганы калды. Ошолордун баары чогулуп отуруп саясый жарылууга алып келиши мүмкүн. Текебаев ошол жаранын жарылышына себепчи гана болот.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити