- Турсунбек мырза, Текебаевдин камалганына нааразы болгон эл көтөрүлүп кетиши мүмкүнбү?

 

- Мүмкүн, анткени, жаш балдар агрессивдүү боло баштады.

 

- Текебаевди камоодо мыйзам бузуп камабай эле тынчтык жолу менен суракка чакырса болбойт беле?

 

- Чындап келгенде башка өлкөнүн жарандары көрсөтмө берип койсо эле камаганы туура эмес. Маселени ийне-жибине чейин иликтеш керек. Маевскийди да камап, анча каражатты кайдан тапканын сурашыбыз керек. Текебаев алар ойлоп иш козгогондой жөнөкөй адам эмес. Партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты. Аны элди дүрбөлөңгө түшүрүп камабай эле жөн жай суракка чакырса деле качмак эмес келмек.

 

- Текебаевдин Европада калып калбай келгени эмне үчүн эске алынбай жатат?

 

- Айрым саясатчылар болсо, “мен барсам камап коюшмак” деп кооптонуп, Кыргызстанга келбей коюшмак. Текебаев өзүнүн ак экенине ишенген үчүн коркпой келди. Анын жүрөктүү экенин Кыргызстандын баары билет. Азыр Текебаевди камап салдык деп кубанышпай эле койсун. Билген адамга Текебаев эмес, Атамбаев камалды. Текебаевге эмес, Атамбаевдин өзүнө кылмыш иши козголду. Атамбаев кечээги санаалаштарынын сөзүн укпастан, суу ичкен кудугуна түкүрүп, Карыпбеков, Сегизбаевдердин сөзүн угуп калды. Акаев менен Бакиевди аңга түрткөндөр Атамбаевди да мөөнөтүнөн мурун аңга түртөт. Башкача айтканда, Текебаевге жасаган катаал мамилеси Атамбаевдин өз башына түшүп, “Турсунбек, келип укугумду коргоп берчи” деп суранып калабы, деп кооптонуп жатам.

 

- Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү караганда элдин Текебаев үчүн жер-жерлерде толкуп чыкканы мааниге ээ болобу?

 

- Эгер бийликтин акылы, анча-мынча абийири болсо чыгарат. Эгер бийлик өзүнө өзү көр казгысы келсе, өздөрү кетип, Кыргызстанда үчүнчү революция болот.

 

- Текебаевди эмне үчүн камады? Президенттик шайлоого терс таасири тийбесин, өзүм каалаган адамды шайлап алайын деп камадыбы?

 

- “Текебаев президент болот” деп коркуп кеткени үчүн камаган жок.  31-августтан бери Текебаевге алы жетпей калды. Текебаев эле эмес, “Ата Мекендин” депутаттары Алманбет Шыкмаматов менен Аида Саляновага да алы жетпей калды. Анын айланасындагылар “Алмаз Шаршенович, эки депутатты камай албай, уят болдук. Эми лидердин өзүн камап салалы” деп провокация кылышса, Атамбаев акылы жоктук кылып, алардын туура эмес сунушуна макул болду. Акаев менен Бакиевди аңга түртүп, азыр Атамбаевди жандап жүргөндөргө бийлик менен байлык гана керек. Аларга принциптин кереги жок. Ошон үчүн Текебаевди жамандап жүрүп, камакка алышты. Атамбаев болсо, “акмактар Текебаев жаманбы, жакшыбы 25 жылдан бери кыргыз саясатында барандуу орду бар. Кыйын күндө бир болгонбуз”- дегенге жараган жок. Отунбаева болсо “мага президенттик бийликти өткөрүп берген. Буларды жамандабагыла. Ошол ишке чындап аралашканбы же жокпу аны тергөө көрсөтөт. Мен ичкен кудугума түкүрө албайм”- деши керек эле. Бул болсо, ичи тардык, акылы жоктук кылып камакка алды.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити