- Камчыбек Кадыршаевич, сиздердин партия Текебаевдин кармалышы боюнча бирдиктүү позицияга келип, билдирүү жасайбы?

 

- Кайрылууну сөзсүз түрдө кагазга жазып, аны таркатыш керек эмес. Биздин кайрылууну “Ата Журт” партиясы Өмүрбек Чиркешовичти өтө кооптуу кылмышкер катары кармап, командировкадан кайткан маалда аэропорттон кармап, үй бүлөсү менен келе жаткан маалда күч органдарынын кармап кетиши өтө олуттуу мыйзам бузуу деп эсептейт. Эгерде ар бир  мамлекеттик деңгээлдеги чиновниктерди мыйзамсыз эле кармап кете бере турган болсо,  демократия жана да акыйкаттуулуктун жок болуп баратканын айгинелейт.

 

Эгерде, Өмүрбек Чиркешович мындан жети жыл мурда кайсы бир деңгээлде мыйзам бузуучулукка барган болсо дагы аны акырын териштирип, коомго жеткирип, ар бир адамды ынандырып, ишендирип туруп камаса анда коомчулук муну туура кабыл алмак. Бүгүнкү күндө Текебаевди саясый куугунтуктун, өч алуунун негизинде камап жатат.

 

- Салянова сиздерге карата кылмыш ишин козгогон эле?

 

- Аида Жеңишбековна Башкы прокурор болуп турган мезгилде өтө көп мыйзам бузуучулукка жол берген. Ошол мыйзам бузуучулуктун кайсы бир деңгээлде запкысын биз да тартып калганбыз. Ошондуктан, Аида Жеңишбековнага кылмыш иши туура эмес козголсо, же ошол адамды туура эмес жоопко тартуу аракети болгон болсо, биз туура эмес деп эсептейбиз. Бирок, ошол эле мезгилде Аида Жеңишбековна Башык прокурор болуп турганда көптөгөн мыйзам бузууларга барганын тактап, аныктай алабыз.

 

- “Баш кесерлердин куралы өз башын кесип жатат” деген пикирдеги адамдар да бар экен. Ал боюнча кандай ойдосуз?

 

- Биз адамбыз. Биз бирөөнү табалабашыбыз керек. Ошол эле Өмүрбек Чиркешович деле мен камалган маалда бир ооз жакшы сөз айткан эмес. Ошол эле Аида Салянова түздөн-түз камалышыма аракет жасаган. Кандай болгон күндө да биз адамдарды табалабашыбыз керек. Тескерисинче, бүгүнкү күндө ошол адамдардын башына каран түн түшүп турганда жардам берип, мыйзамсыз камап жатканын туура эмес дешибиз керек.

 

- “Ала-Тоо” аянтында митинг болуп жатат. Барып колдоо көрсөтөсүзбү?

 

- Мени эч ким митингге чакырган жок. Бирок, катышсам болот.

 

- Коомдогу саясый абалга кандай баа бересиз?

 

- Кырдаал өтө курчуп баратат. Бүгүнкү күндө жеке мага мамлекетибиздин булуң-бурчунан шайлоочуларыбыз байланышып, кырдаалдын кыйындап баратканын айтып жатышат. Эгер тиреш күчөй бере турган болсо, жакынкы мезгилде мамлекетибизде кырдаал өтө катуу курчуп кетиши мүмкүн. Ага бийлик себептүү болот.

 

- Бүгүн бийлик менен оппозициянын ортосунда диалог барбы?

 

- Эгерде бийлик диалогго келебиз дей турган болсо, биз сөзсүз түрдө алар менен диалогго барганга даярбыз.

 

- Бийликте  оппозиция менен тил табышууга ийкемдүү саясатчылар барбы?

 

- Диалогго ийкемдүү саясатчылар бийликте болгондо Өмүрбек Чиркешовичти камабайт болчу да.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити