"Ата-Мекен" партиясы өлкөдөгү бардык прогрессивдүү күчтөрдү биригүүгө, өлкөнүн чыныгы демократиялык келечеги үчүн бекем турууга чакырат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирүү жасаган фракциянын убактылуу жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов билдирди.​

 

- Конституциянын эң ыйык беренеси - бул күнөөсүздүк презумциясы. Кылмыш жасалганын сот гана аныктай алат. Эгер ал берене Баш мыйзамды жазган Өмүрбек Текебаевге карата иштебесе, анда Кыргызстандын алты миллион жаранына иштейт деп кантип кепилдик бере алабыз? Сот өкүмүн чыгара электе мамлекеттин, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланган КТРК күндүр-түндүр соттун чечими чыккандай көрсөттү го! - деди Шыкмаматов.

 

Ошондой эле бүгүн "Ата Мекен" билдирүү таратып, "“Белиз-гейтте” толук уятка калган МУКК өз өлкөсүндө көптөгөн булганч жаңжалдарга аралашкан жана соттук иштерге катышы бар белгилүү эл аралык алдамчылар менен абийирге сыйбас бүтүмгө барып, жалган жалалуу кеп байлашууга барып отурат. Л. Маевский ушундай эле жалган аракеттерди орусиялык беделдүү партиялар КПРФ жана “Яблокого” каршы жасаган, алар сотко берип Л. Маевскийге каршы доолордо утуп чыгышкан" деп жарыялады.

 

"Азаттык"