Исхак Масалиев

 

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев УКМК башчысы Абдил Сегизбаевди парламент алдында сүйлөп жатканда тартиптүү болууга чакырды:

 

- Сиз Жогорку Кеңешке келгенде баягы адатыңызды токтотсоңуз, акыл үйрөткөндү. Кандай болсо да бул жерде депутаттар отурат. Кайсы жерде чындык, кайсы жерде калп экенин мезгил көрсөтөт, - деди Масалиев.

 

Бүгүн парламентте "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча УКМК жана Башкы прокуратуранын башчысынын маалыматы угулууда.

 

Сегизбаев Текебаевге каршы кылмыш иш мыйзамдуу негизде козголгонун айтып, тергөөгө басым жасабоого чакырган. 

 

Булак: "Азаттык"