- Азиза айым, сиз укук коргоочу катары, бүгункү күнү камакка алынып, күнөөлөнүп жаткан Текебаевдин укугун коргойсузбу?

 

- Бул жерде кеп Текебаевде эмес, процедуранын бузулушунда болуп жатат. Текебаев оппозициялык көз караштагы партиянын жетекчиси. Аны аэропорттон коркунучтуу кылмышкерди кармагандай кылып кармап, күтүп алганы баргандардын баарын камап мамиле жасагандын өзү 2010-жылдын 6-апрелинде ошол кездеги бийликтин Атамбаевдин өзүн камоого болгон аракетин көз алдыңа тарттырат. Элдин баарын дүрбөлөңгө салбай, Текебаевди мыйзам чегинде карап, мыйзамды, процедураларды сактаса болмок. Тилекке каршы, өткөндөн сабак албай, Текебаевди күтүп алгандардын баарын аэропорттон ары кармап, Сокулуктун ички иштер башкармалыгына алып барып, камап чуулдатышты. Чынында Текебаев кыргыз элине белгилүү инсан. Эгер ал тергөөгө таптакыр барбай,  качып жүрүп алса гана  кандайдыр бир күч колдонуп, күч менен суракка алып келишсе болмок. Суракка чакырбай, “повестка” бербей туруп, камаганы  кимдир бирөөгө элди атайын көтөрүш үчүн керек болуп жатабы деген  ойго да түртөт экен.

 

- Текебаевдин камалышы менен үчүнчү революциянын эпкини байкалып жатабы?

 

- Андайды айтууга азыр эрте. Бирок, саясый куугунтук күч алып жатат. Саясый куугунтук “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнө, лидерине болуп, аларга күч колдонуп камоого аракет кылып жатканы чоң маселени жаратууда.

 

- УКМКда Текебаевге 11 саат сурак болуп, 17 саат тамак берилбегени психологиялык басым эмеспи?

 

- Бардык нерсенин процедуралары бар. Бир эле жаран 4 сааттан ашык көрсөтмө бербейт. 4 саат суракка алынгандан кийин ага бир сааттан кем эмес дем алуу жарыяланат. Ошонун убагында аа адам суу ичип, тамактанып, эс алып, акыл-эсин топтоп алып,  кайра да сурак берсе болот. Анан бардыгы адвокаттын катышуусу менен болот. Жумуш күн 8 саттан ашпайт да. Текебаев сурак берип жатканы менен анын адвокаты ошол жерде иштеп жаткан болот. Бул жерде адвокаттын да укугу сакталып, адвокат да 4 сааттан кийин эс алышы керек.

 

- Текебаевге каршы көрсөтмө берип жаткан адам сурак учурунда интернет колдонуп, өзүн эркин алып отуруптур. Текебаев жана анын адвокатынын телефондору алынып салыныптыр. Буга ким жол берди?

 

- Ошол тергөөчү эки тарапка бирдей мамиле жасап, калыс болушу керек. Эгерде доомат коюп жаткан тарапка кандай мүмкүнчүлүк берсе, жооп берип жаткан тарапка андан көбүрөөк көңүл бурушу керек. Анткени, кылмыш жаза кодексинде көбүрөөк көрсөтүлгөн нормалар бар. Жооп берип жаткан тараптын да укуктары толук сакталышы керек.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити