Кыргыз мамлекетинин Башмыйзамы боюнча бийликтин ээси – эл. Бирок бүгүн ошол бийликтин ээси болгон эл тизгинди берген президент баш болуп, негизги мамлекеттик институттар (Жогорку Кеңеш, сот бийлиги, тергөө органдары, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы) бийлик эгеси болгон элден чындыкты жашырып жатат. Бул эмне дегендик? Бул анархиянын кыргыз өлкөсүнөн али да куйрук үзбөгөндүгу жана да башы кыйылган сайын кайра өсүп чыга бере турган ажыдаардын түсүн чагылдыргандыгы. Дегенибиз, кыргыз мамлекети буга чейин авторитаризмдин жеткен чегине жетип, элди өтүгүнүн такасына эзе баштаган бийликти көчүккө тээп, өлкөдөн кууп чыккандыгы азыркы бийликке сабак болбогондугу. Эл өз эрдигин кылымдап кайталап, эркиндигин түбөлүк коргоп келген. Бүгүн да таман астында, така түбүндө кала бербейт!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити