2017-жылдын 28-февралында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий визит менен келет.

 

Визиттин алкагында президент Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болот. Анда  кыргыз-орус эки тараптуу мамилелеринин бардык спектри, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кызматташуунун бүтүндөй комплекси боюнча, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланат.