- Аида Жеңишбековна, кесиптешиңиз Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши боюнча не айта аласыз? Шыкмаматовго козголгон кылмыш иш “ата-мекенчилерге” салынган укуруктун уландысыбы?

 

- Козголгон кылмыш иши мыйзамга эмес, саясатка негизделген деп айттар элем. Башкача айтканда бул кылмыш иши саясый оппоненттеринен өч алуу, аргументтердин эмес, бийликтин күчү менен жазалоо, тек гана коркутуп алуу үчүн козголуп жатканы баарыбызга маалым.

 

- Эгер Алмамбет мырза Эсептөө палатасында иштеген мезгилде катачылыкка жол берип, чындап мыйзам бузган болсо, ал ишке эмне үчүн ушул убакка чейин маани берилген эмес?

- Прокуратуранын ыкчам функциясы болбогонуна байланыштуу көп учурда ал башка укук коргоо органдары тарабынан топтолгон материалдар менен иштейт. 2011-жылдан баштап мен бир дагы укук коргоо органынан же болбосо прокуратуранын өзүндө ушундай маалымат бар экенин уккан эмесмин. Демек, бул атайылап издеп тапкан маалымат. Кылмыш ишинин курамы болсо дагы бир жөн. Андай болбой эле башынан аягына чейин саясат кылып, болбогон нерсеге кылмыш ишин ачып жатышат.

 

- Өмүрбек Текебаев “президенттикке талапкер адамдар өлкө башчысы болуп калса, партиясынан, дегеле саясаттан кетем деп убада бериши керек"- деди. Бүгүн кыргыз саясатчылары президент болуп калса, партиясынан биротоло кеткенге даярбы?

 

- Алар партиясынан биротоло кеткен күнү дагы арасынан сөзүнө тургандары эле “башта ушундай убада болду эле”- деп сөзүнө  турат. Көпчүлүгү “партиямдан кеттим” деп коюп, жыйынтыгында үй-бүлөсүнө же урук-тууганына кам көрүп, партиясын мамлекеттик башкарууга кийлигиштирет. Жыйынтыгы теңирден тескери болуп калат. Ошон үчүн кыргыздар  “туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”- деп айтышкан. Кандай кырдаал, кандай маселе болбосун  өлкө башчы барына калыс, барына тең болушу керек. Антпесе калыстыктан тайып, элдин ишенимин заматта жоготуп алат.

 

- Каныбек Иманалиев: "Президенттик шайлоо күч менен өтөт. Бийликтин “мураскер” операциясы болбойт деген жомок. Анткени бийликтин табияты ошондой. Кетип жаткан бийлик өзүнө ыңгайлуу, өзүнүн салтын уланта турган, кийин өзүн текшербей турган күчтү алып келгенге аракет кылат”.- деди. Ишенсек болобу?

 

- Ишенсек болот. Анткени, президент сөзсүз аракет кылат. Болбосо, Конституцияны эмнеге өзгөртүштү? Бирок, аракет деген сөз “ошондой жыйынтык болот” деген сөз эмес. Маселе бийлик башындагылар ойлогондой эле чечиле бербейт. Башкача айтканда, кандай болоорун эл өзү чечет.

 

- Бүгүнкү бийлик “Ата Мекендин” депутаттарына  кылмыш ишин козгоп коркутуп алам деп ойлоп жатабы, же бийликтин негизги душманы Текебаевби?

 

- Бул чабуул жеке эле “ата-мекенчилерге” эмес, бул өзүнчө пикири бар, башкалардан айырмаланган көз карашы бар адамдарга эскертүү. Биринчиден, биз коркуп калбайбыз, экинчиден, ак менен караны айырмалай алган миңдеген жарандар бар. Алар сөзсүз түрдө эле “ата-мекенчилер” эмес. Кыскасы, баш көтөргөн позициясы бар адамды мокотом деп, жок жерден каралоонун өзү  жалпы демократиялык баалуулуктарга кол салуу деп эсептейм.

 

- Бийликтин  планы - президенттик шайлоого чейин сизди, Шыкмаматовду, Текебаевди саясый оюндан чыгаруубу?

 

- Бийлик тараптан акыркы айларда жасалып жаткан аракеттери бизди саясаттан четтетүү максатына багытталган десем жаңылышпайм. Бирок, кыргызда “кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” деген сөз бар.

 

- Сиз айрым саясатчылардан айырмаланып, аялзаты болсоңуз дагы бийликтин басымына туруштук берип жатасыз. Бирок, бул сиздин ден-соолугуңузга жана кийинки саясый карьераңызга терс таасирин тийгизип койбойбу?

 

- Кудайыман тилегеним ден-соолук, үй-бүлөмдүн аманчылыгы. Кайсы мезгилде болбосун, эгерде адамдар карьераны эле карап отурганда өлкөнүн жашоо-турмушунда эч качан өзгөрүү болмок эмес. Карьерадан дагы кымбат адал иш, принцип, бекем позиция деген бар. Тилекке каршы кээде алар үчүн күрөшүүгө туура келет экен.

 

- Прокуратарага жумушка кирүү үчүн тестирлөө системасын сиз киргизген экенсиз. Жыйынтыгы сиз ойлогондой  болдубу?

 

- Мен келгенге чейин прокуратурада конкурс болгон эмес. Аракеттер болгон, бирок бир дагы конкурс өткөн эмес. Мен эки конкурс өткөзүп, алардын жыйынтыгы менен 170тей бала өттү. Жүздөн ашыгы мен Башкы прокурор болуп иштеп турганда жумушка кирип калышты. Атайын комиссияга жарандык коомдун өкүлүн дагы киргиздик. Баштан аягына чейин конкурсту видеофиксация кылдык. Айтор, коррупцияга бир дагы жылчык калтырбаганга аракет кылдык. Конкурстун жыйынтыгы менен мага бир дагы арыз түшкөн жок. Андан улам өткөрүлгөн конкурстар бардык демократиялык стандарттарга туура келди деп ойлойм.

 

Шамил Карабала уулу

Булак: “Майдан.kg” гезити