Бишкек, “Саясат.kg”. Бишкектеги көп сандагы ликер-арак сатуучу дүкөндөрдүн бириндеги Ө.Текебаев, Р.Жээнбеков, Ө.Суваналиев, Б.Наргозуев жана коомдук ишмер Рустам Мамановдун капыл-тапыл жолугушуусу тууралуу ар кандай сөздөр жүрүп жатат.

 

Окуянын чоо-жайы мындай: шаардагы вино-арак саткан дүкөндөрдүн биринде Б.Наргозуев менен бир нече саясатчылар “жүз граммдашып” олтурган. Булар дүкөндүн бир бурчунда винолошуп олтурган кез. Ошол убакта белгилүү коомдук ишмер, бизнесмен Рустам Маманов Жаңы жылдык корпоративге кем-карчын сатып алуу үчүн кирип калат. Океңдер айтмакчы, “не во время” баш багып калган экен, олтурган берки адамдар окуяны болушунча көбүртүп-жабыртышты. Эми ага кайрылып не, көчө деңгээлиндеги ушакты талкуулап олтурмак белек?

 

Бирок, Бегалы мырзанын “Кыргызстан бүгүн” сайты “Рустам оппозициянын чогулушуна катышты..” деген таризде ойдон чыгарылган нерсенин баарын жазганы чындык. Жөн гана саламдашып койгондон эле “бул антти”, “тигинтип жамандады”- деген нерсени токуй салыш Бегалынын өнөрү экени баарына белгилүү жомок.

 

Бегалы Наргозуевдин кандай адам экенин билбейт дейсизби? Кечээ күнү боктогон адамын эртеси  мактап, Ч.Жакупова аймакчы, “жатып бергенин” билбейбизби? Оппозициянын арасына кошулуп, аларда не сөз болгонун тийешелүү жерге ташыган “агент” кызматын аткарганын Кыргызстанда бешиктеги баладан бетер билет. Аны оппозиция билет, ошон үчүн чакырып, өздөрүнө ыңгайлуу сөздөрдү сүйлөйт, “жеткизип барат” дешип.

 

Б.Наргозуев журналистикада да жаман салтты баштаган эр. Ар жолуккан эки журналисттен сурасаң, айтып берет аны. Анан, депутат болуп туруп анын кесиптеш айымга жазган каттарын кечээ окуп төбө чачыбыз тик турду.

 

Эми Р.Маманов менен жакшы мамилеси бар Алтынбек Сулаймановду кагылыштыруу жагына киришти. “Кытайга таштанды темир сатып байыган Рустам Маманов”- дептир. “Азия Ньюс” жаңылыш жазган маалыматты кайра козгоптур. “Керек болсо депутат Алтынбек Сулайманов менин шоопурум болуп иштеген”, “менден 500 миң доллар карыз” деген кептерди жазып жатат. Мунун бир гана максаты бар – мурда ыраматылык М.Эшиканов саясатчыларды, элге белгилүү адамдарды ушинтип жазып “ийге” келтирчү. Ошол сыяктуу, Мамановду “байлап алса”, “Тудэйине” спонсор болуп калышы ажеп эмес.

 

Рустам Мамановго бул маселе боюнча байланыштык. “Кудайга койдум”,- деди ал.

 

А биз өзүбүзчө бир пикирге келдик: көрсө, бечара Наргозуевдин ушактан башы чыга албай калган заман өкүм сүрүп жатыптыр... Вино ичип олтуруп, башы айланып калганбы?

 

Ал эми Б.Наргозуевдин депутат кезиндеги сулуу кесиптешине жазган “сүйүү саптары” бизде турат. Келип, алып кетсеңиз болот!