1

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жыйынында бир фракциянын өкүлдөрү: спикер Чыныбай Турсунбеков менен депутат Төрөбай Зулпукаров кайым айтыша кетишти. Кайым айтышуу татаалданып, муш көтөрө чуркамайга жетүүсүнө аз калганда башка депутаттар кесиптештерин басып коюшту.

 

Спикердин сөз сүйлөөгө убакыт бөлүп бергени депутат Төрөбай Зулпукаровго жаккан жок. Анын бул боюнча сын айтканы спикердин көңүлүнө туура келбеди.

 

“Мага  кантип жыйын өткөрүү керектигин ар дайым үйрөтүп эле отурасыңар”, - деп спикер нааразы болсо, “Кайсы учурада кантип сүйлөштү биз өзүбүз билебиз. Бизди башкарганга укугуңуз жок”, - деген депутат керек болсо Турсунбековду спикерликтен алып салуу маселесин көтөрүп чыга турганын да айтып коркутту.

 

Мындан улам “КСДП фракциянын ичинде ажырым башталдыбы?”- деген шек коомчулукта пайда боло баштаган эле. Бирок ушул эле фракциянын дагы бир депутаты Кожобек Рыспаев спикер менен депутаттын тирешүүсүн “үй-бүлөдөгү аял менен эркектин алым-сабак айтышындай эле кабыл алууну” коомчулуктан өтүндү. Айтымында, олуттуу маселеде фракциялаш экендиктерине карабай талашууга барган “ксдпчылар” а негизинде ынтымактуу эле экен.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (273), 23.11.2016-ж.