“Аскар Акаевдин жоопторунун мазмунун талдоону азыр максат кылбайм - бул өзүнчө кеңири жана олуттуу талкууну талап кылат. Бирок башка бир өтө тынчсыздандырган көрүнүшкө көңүл бурбай коё албайм. Айрым пикир калтыруучулар анын сөздөрүнө жүйөлүү баа берүүнүн ордуна орой кемсинтүүгө, негизсиз айыптоолорго жана ачык эле одоно мамилеге өтүп кетишти.

Кыргызстан: Экс-премьер Феликс Кулов возвращается на бишкекскую  политическую сцену | Eurasianet

Кемсинтүүлөр жөнүндө көп сөз кылуунун деле кереги жок. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, өлкөдө психиатриялык каттоодо 53 миңге жакын адам турат, бул - катталган учурлар гана. Ошондуктан айрым агрессивдүү жана адекватсыз комментарийлердин чыгышы эч кимди таң калтырбашы керек.

Бирок мындан да көбүрөөк тынчсыздандырган нерсе бар: акыл-эстүү адамдар фактылардын ордуна эмоцияны, ал эми далилдердин ордуна катуу айыптоолорду колдонуп жатышканы. Көп учурда мындай “терең акылдуу” сөздөрдү окууга болот: “Мен анын ордунда болсом баарын башкача кылмакмын”, “Мен мындан алда канча жакшыраак башкармакмын”.

Мындай билдирүүлөрдү баалоого эски жапон макалы абдан туура келет:

“Кеме чөккөндөн кийин, аны кантип сактап калууну ар ким билет.”

Өткөндү кийин карап баалоо - чоң жоопкерчилик, маалыматтын жана убакыттын тартыштыгы, эң оор шарттарда чечим кабыл алууга караганда кыйла жеңил. Тарых эмоцияны эмес, объективдүүлүктү талап кылат.

Ушуга байланыштуу Мао Цзэдундун өлүмүнөн кийинки анын ролу тууралуу талкуу эске түшөт. Кытай жетекчилигинин бир жыйынында анын тарыхый мурасын кантип баалоо керектиги боюнча узак талаш жүргөн. Бирдиктүү пикир болгон эмес. Ошондо сөздү Дэн Сяопин алып, тарыхта калган мындай сөздү айткан: “Мао Цзэдундун ишмердүүлүгүндө 70 пайыз эмгек сиңирүү, 30 пайыз ката болгон.”

Бул кыска, бирок даанышман баа тарыхый улантуучулукту сактоого, жетекчинин чоң эмгегин моюнга алууга жана ошол эле учурда анын каталарын жашырбоого мүмкүндүк берген. Кытай өткөндөн сабак алды, бирок өз тарыхы менен согушкан жок. Дал ушундай мамиле өлкөнүн ички биримдигине жана андан кийинки ылдам өнүгүшүнө чоң өбөлгө түздү.

Жалпысынан коомдун жетилгендиги анда пикир келишпестиктердин жоктугу менен эмес, ошол пикир келишпестиктер кандай талкууланары менен аныкталат. Аргументтер бүтүп, кемсинтүү башталган жерде чыныгы талкуу да аяктайт. Ал эми талкуу маданияты болмоюнча илимдин да, саясаттын да, мамлекеттин да өнүгүшү мүмкүн эмес.

Муну биз, Кыргызстандын жарандары эстен чыгарбашыбыз керек. Биз саны аз элбиз. Биздин негизги байлыгыбыз - жаратылыш ресурстары гана эмес, бири-бирибизди урматтоо, угуу жөндөмү, өз тарыхыбызды объективдүү баалап, андан туура жыйынтык чыгара билүү. Ар кандай талкууну өз ара кемсинтүүгө айландырган эл сөзсүз түрдө өзүн өзү алсыратат. Ал эми татыктуу, урмат-сый менен жана далилдүү талаш жүргүзө алган эл күчтүү болуп, келечегине ишенимдүү болот.

Албетте, бир дагы мамлекеттик ишмер ката кетирүүдөн камсыздандырылган эмес жана ар бир жетекчинин ишмердүүлүгүнө принципиалдуу жана объективдүү баа берилиши керек. Бирок бул баа эмоцияларга, ушак-айыңдарга же жеке жек көрүүгө эмес, фактыларга, документтерге жана жыйынтыктарга негизделиши зарыл. Дал ушундай мамиле чындыкты издөөгө жардам берип, коомдун ишенимин бекемдейт.

Тилекке каршы, акыркы жылдары жалпы жана саясий маданияттын төмөндөшүн улам көбүрөөк байкап жатабыз. Оройлук, сабырсыздык жана оппонентти ынандыруунун ордуна аны басынтууга умтулуу көбөйүүдө.

Эмне кылуу керек?

Бул өзүнчө өтө олуттуу сүйлөшүүнүн темасы. Бирок бир нерсе айдан ачык: эгер биз Кыргызстанды заманбап, күчтүү жана урматталган мамлекет катары көргүбүз келсе, анда эң биринчи кезекте бири-бирибизди урматтоону, өз тарыхыбызды сыйлоону жана коомдук талкууну фактылардын, логиканын жана өз ара урматтоонун тилинде жүргүзүүнү үйрөнүшүбүз керек”,- деп жазды Ф.Кулов “Фейсбуктагы” баракчасына.