Аталган иш-чарага катышкан "Кабар" агенттигинин директору Медербек Шерметалиев Путинден Бишкекте өтө турган ШКУнун алдыдагы саммити тууралуу пикирин сурады.

"Бүгүнкү күндө ШКУда 27 мамлекет бар. Экономикалык интеграция боюнча олуттуу иштер жүрүп жатат. Борбордук Азия өзүнүн бай ресурстары, кеңири аймагы жана өсүп жаткан калкы менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн барган сайын көбүрөөк бурууда. Мунун башкы себеби — аймактын экономикалык дараметинин жогору экендиги", — деди Путин.

Ал уюмда жасалган иштердин бардыгы Россия үчүн да, калган бардык өнөктөштөр үчүн да кызыгууну жаратарын белгиледи.
"Андыктан кыргыз досторго, албетте, ийгилик каалайбыз. Бул маанилүү иш-чараны ийгиликтүү өткөрүп алышына ар тараптан көмөктөшөбүз", — деди РФ лидери.

Спутник